Эч жан калбаган ээн талаада жалгыз атчандын карааны көзгө түшөт. Атынын кара тер болгонунан жерге жабыша калып оттогонунан узун жол басып келгени байкалат. Калпакчан жигиттин ээрди кезерип кургаганынан улам шилекей ирмеп жутканынан катуу чалкаганы байкалат. Ал атынын башын тартып алыстарга көз салат. Тээ алыстан түтүн учкансыйт. Ал ошол тарапка жол алат.
Ээн талаада жалгыз алачык көзгө түшөт. Атчан жигит ошол алачыктын алдына келет. Ит үрүп, итти тосуп кемпир чыгат.
Жигит: - Салам, арыбаңыз чоң эне.
Кемпир: - Бар бол балам.
Жолоочу жигит аттан түшүп атын мамыга байлайт. Кемпир аны үйгө баштап кирет. Үйдө камчы өрүп карыя отурат.
Жигит: - Салам, арыбаңыз ата.
Карыя: - Бар бол уулум. Кайдан?
Жигит: - Жок издеп.
Карыя: - Демек алыстан келген турбайсыңбы? Карыя жигитти бир карап алып: - Кана кемпир айраның барбы? – деп кемпирине карап калат.
Кемпир: - Мына - деп чыны толо айран сунат.
Жигит: - Кошуналарыңыз кайда кеткен?
Карыя: - Баары жайлоого кетишти.
Жигит: - А сиздерчи? – деп таң кала сурайт.
Карыя: - Биздин коногубуз бар.
Жигит: - Конок?... ойлоно.
Карыя: - Тигини айтам - деп түндүктөгү чабалекейдин уясын көрсөтөт. - Коногубуз ошол. Ошончодон ошол түндүккө уя салып алыптыр. Балапан дагы чыгарышкан. Кудай буйруса жакында балапандарын учурушат. Анан ошондо биз да бошойбуз. Антпесе тигилерге убал го? Түндүктү түшүрүп уясын талкалаганда кантип болсун? Мына аз күн чыдай турсак сый менен келген коногубузду сый менен узатып коёбуз. Анан жайлоого барабыз. Малыбызды кошуналарыбыз багып жатышат. Жалгыз уй алып калганбыз. Ошону саап ичип биз мындабыз. – деп карыя сөзүн бүтөт.
Жигит түндүктөгү чабалекейдин уясына, чыйпылдаган балапандарга, кайкып учкан жуп чабалекейге, андан ары ачык асманга ойлуу тиктейт. Анан... – Оо касиетиңден айланайын кадырлуу элим! Дүйнөдө сендей сыйчыл эл болбос! – деп күбүрөнөт... |