КЫРГЫЗЫМ
Шейшемби, 19.03.2024, 08:53
Приветствую Вас Конок | RSS
 
Главная ПОЭЗИЯ - ЖОРУМРегистрацияВход
[ Новые сообщения · Участники · Правила форума · Поиск · RSS ]
  • Страница 1 из 1
  • 1
Модератор форума: Prince  
ЖОРУМ » ИЛИМ ЖАНА БИЛИМ » АДАБИЯТ » ПОЭЗИЯ (Ырларым-менин сырларым....)
ПОЭЗИЯ
Abdyganyev Датаcы: Бейшемби, 12.03.2009, 22:25 | Билдирүү # 1
Катардагы
Тайпа: Айдар
Билдирүү: 9
Репутация: 0 ±
Статусу: Торбетте жок
Урматтуу достор! Арабызда акындык онорду баккан,журогундогу кыялдарын,сезимдерин ыр кылып кагаз бетине тушургондор болсо керек. Анда эмесе бул тема сиздер учун.
 
janymai Датаcы: Бейшемби, 12.03.2009, 22:48 | Билдирүү # 2
Катардагы
Тайпа: Колдонуучу
Билдирүү: 1
Репутация: 0 ±
Статусу: Торбетте жок
Анда эмесе, урматтуу Абдыганыев мырза озунуз баштап койбойсузбу...
 
Tynchtykbek Датаcы: Бейшемби, 12.03.2009, 22:56 | Билдирүү # 3
Катардагы
Тайпа: Уста
Билдирүү: 17
Репутация: 0 ±
Статусу: Торбетте жок
Тамчыдай буралган сулуу жузун,
Тартып алды таарынба мага озун.
Тагдырдын талашкан тар жолунда,
Тандан кутом мен сени гул колумда. (Ээси Медербек Абдумалик уулу)


КЫЙМЫЛЫБЫЗ - КЫРГЫЗ YЧYН!!!
 
Toktosun Датаcы: Жума, 13.03.2009, 00:18 | Билдирүү # 4
Катардагы
Тайпа: Айдар
Билдирүү: 15
Репутация: 0 ±
Статусу: Торбетте жок
Алыкул Осмонов-Өзүмдү өзүм

Мен өзүмдү үй сыртынан тыңшасам,
Күрс, күрс эткен оор жөтөл үн чыгат...
Бүткөн экен кайран өмүр, кайран жан...
Деп жалооруп көңүлүм шондо бир сынат.
Мен өзүмдү бир көчөдөн карасам,
Баскан өңдүү алсыз, арык сөлөкөт...
Албуут бала, эми болуп араң жан,
Айыкпас дарт болгон өңдүү өнөкөт.

Мен өзүмдү уктаганда карасам,
Жаткан өңдүү бир өлүк жан, каны жок.
Жүрөк күчүн тамырынан санасам,
Чарчагандай араң согот, алы жок.

Мен өзүмдү өлгөн кезде карасам,
Күлүмсүрөп керилген бир шер жатат.
Бул акыйкат жазмышына жарашкан,
Тагдырына рахмат айткан азамат.

Билген билер, билбегенге не чара,
Менсинген жаш муну кимден кем көрөт?
Кең пейилдүү, ачык колдуу бечара,
Кыйын жашап, жакшы жазган өңдөнөт.

Мен өзүмдү бир кылымдан карасам,
Тээ алыстан чаң ызгыткан шаң чыгат.
Өлбөстүктүн өжөр эркин талашкан,
Эрдигинен эчен тирүү жан чыгат.

-Адамга

Адамды адам меймандап
сыйлайт экенсин,
Жакын жолдош жорону
жыйнайт экенсин.
Жакшы тилек ак ишти
кыйбайт экенсин,
Жакшы коргон досунду
кен дасторкон устундо
Ичкин муну жегин деп
Кыйнайт экенсин.
Ошентсе да омурго
Сыйбайт экенсин.
Кара жердин алдына
Бири-бирин жашырып
Ыйлайт экенсин...

Адамзат

Мүрөктүн суусу жөн суулардай шылдырап,
Агып жатса мал кечпес жашыл аралда.
Көк арчадай өңдөн азбас болсун деп,
Өзүм ичпей, ичирер элем адамга.
Мүрөктүн суусун ичирейин дегеним:
Адам деген картайгыч тура бечара.

Замзамдын суусу кайнар суудай шарактап,
Ташып жатса куш жете албас ыраакта.
Эти калың пилдей күчтүү болсун деп,
Бүт агымын бурар элем адамга.
Замзамдын суусун агызайын дегеним:
Адам деген чарчагыч тура бечара.

Олуя табып Улукман аке дарысы,
Жазгы гүлдөй тепселип жатса талаада.
Жүрөк оору, өпкө оорунун сообу үчүн,
Өзүм ичпей ичирер элем адамга.
Дары чөптү ичирейин дегеним:
Адам деген оорукчан тура бечара.

Ак шайы көйнөк, күмүш кемер сыяктуу,
Адамдын жаны сатылып турса базарда.
Дагы жыргап, дагы жашап көрсүн деп,
Өзүм албай берер элем адамга.
Жандарына жан кошоюн дегеним:
Адам деген көп өлгүч тура бечара.

 
Abdyganyev Датаcы: Жекшемби, 15.03.2009, 12:15 | Билдирүү # 5
Катардагы
Тайпа: Айдар
Билдирүү: 9
Репутация: 0 ±
Статусу: Торбетте жок
Бул ыр 2002-жылдын жай айында жазылган....азыр деле актуалдуулугун жоготолек болсо керек...жазып кое берейин.....
ЖАРЫК БАРБЫ,АЙЛАНАЙЫНДАР,ЖАРЫК.......?

Чыга турган коз эле
Чыгып кетти озу эле
Чыдамкайлык тупко жетип акыры
Чыдабастан эли чыкты Аксынын
Пешенеге жазганы ушул беле
Тамашасы болдубу же тагдырдын
Куноосуз элдин каны акты неге......
Узонгукууш,Бекназаров шылтоо эле......
Карылардын нуру очкон каректери,ушкуругу
Аялдардын армандары,ич куйуту
Жаш балдардын жалжылдаган козундогу
Улпулдогон узулбогон умуту
Бир кундо эле пайда болуп калбаган......
Бул кайгылуу иштердин учугу
Чубалып токсонунчу жылга барат.....
Ак калпактуу ажобузду шайлап алып
Кубанганбыз,суйунгонбуз бапырап
Кыйкырганбыз ураалап
"Демарал" деп кокурокту койгулап....
Реформа деп Акаевдин оюн улап
Кеттик анан баарын талап-талкалап
Бир устунду бешке болуп араалап......
Торт тулук мал торго батпай турчу эле
Бир кундо эле жайыт калды куржалак.....
Баягы карапайым калк
Мундап,зарлап
Уруп чыгаар ити жок....
Турду ыйлап,болгон байлык
Башындагы жыртык калпак.....

Контрабанда гулдоп-жайнап
Паракорлук,коррупция
Акуйдун жетинчи кабатына
Жетти тамырлап.....
Эл бийлеген мыкчегерлер,депутаттар
Чет олкодон чет олкого айылчылап....
Кредит келген миллиондор
Сол чонтокко тыкшырылат....
Бутка туруп кеткен жок
Бир да завод,фабрикабыз жакшылап......
А дыйкандар бир ат менен жерин айдап
Алган тушум же мээнетин актабай
Журот ыйлап,зар какшап......
"Акылман курс" алып келип жарга такап
Ким куноолуу деген созго жооп таба албай
Бийлик менен оппозиция ортосунда
Чыкты чатак....
Адилеттик унутулуп,бийлик кучу чектен ашты....
Жалалабатта,Кочкордо
Ош тарапта,борбордо
Пикеттерди уюштуруп,
Ачкачылык кармашты....
Экономика кургуйга кулап барат
Кризис деген сормо сазга чогуп барат.....
Миллионду уурдаган "акулалар"
Чет олкодо,курорттордо сайран курат....
Тоок уурдаган,зым уурдаган майда ууру
Кармалышып,олчойгон "срогун" алат.....

"МФБ","ДБ"лардын козун карап
Тилемчилеп,бай олкодон кайыр сурап...
Бул ааламга жаны келген ар бир бобок
Мойнундагы карыз менен туулат.....
Ички,тышкы карыздарды эсептесен
Урой учат,тобо чачын тик турат.....

Тунгуюктан ким жол табат?
Элди бейпил ким башкарат?
Келечек кандай болот?
Ушуга окшош суроолордон баш адашат....
Элибиздин каалаганы бироо эле
Ынтымак,Токчулдук,Жакшылык
Аргасыздан жан дунуйо кыйкырат
Жарык барбы,айланайындар,жарык?!

Билдирүү түзөтүлдү Abdyganyev - Жекшемби, 15.03.2009, 12:16
 
M_Ailett Датаcы: Жума, 20.03.2009, 07:59 | Билдирүү # 6
Катардагы
Тайпа: Айдар
Билдирүү: 18
Репутация: 0 ±
Статусу: Торбетте жок
Менин озумдун ырымды жазып койсом болоттур деп ойлойм, катуу сынабаныздар, мен акын эмесмин.

Кыялым жаш, озум да жаш суйкалган
Жаш жигиттер мени карап суктанган
Он сегиз жаш экен ошол курагым
эстеп алып журок кургур кубанган

Жашсын, деди, кое турчу каралдым
Сен эмнеге бала чактан чарчадын
Суйом дедим, жашай албайм мен ансыз
Дедим дагы кете бердим артынан

Болдум бала кезден мен суйгон жары
Эне болуп махабатка курчалдым
Суйуу деген шу экен деп жашадым
Бирок сезим калбайт тура ардагым

Чыгат ырлар журогумду жаралап
Ыйлар тамат, корот аны ак барак
Жазам ырды акынмын деп мактанып
Сен окучу сезимге кор махабат

Добавлено (20.03.2009, 07:59)
---------------------------------------------
ХХХХХХ

Жан дуйномдун кундолугун
Жазбай койсом эмне болот?
Жазып алып кыйналганча,
Жазбай эле кутулсамчы...

Жаным менин ыйлайт экен
Жаным менин сыздайт экен
Жаным менин канталанып
Журок сырын катат экен

Журок сырын айтайынчы
Бугун сенден катпайынчы
Айтып алып эс аламбы..?
Билбейм жаным, айтпайынчы.

Сезим бугун уктап жатат
Ойготсом да турбай атат
Мен да жатып уктайынчы
Уктап бираз жыргайынчы

 
Айтмырза Датаcы: Жекшемби, 12.04.2009, 16:24 | Билдирүү # 7
Катардагы
Тайпа: Колдонуучу
Билдирүү: 3
Репутация: 0 ±
Статусу: Торбетте жок
***
Бийликтесиңби-
кыңшылап таманыңды жалап жиберет.
Ошондо сага каршы сөз сүйлөсө,
жолдошубу, досубу, тууганыбы,
а тургай ата-энесин талап жиберет...
Ит да!..


Билдирүү түзөтүлдү Айтмырза - Жекшемби, 12.04.2009, 19:37
 
ЖОРУМ » ИЛИМ ЖАНА БИЛИМ » АДАБИЯТ » ПОЭЗИЯ (Ырларым-менин сырларым....)
  • Страница 1 из 1
  • 1
Поиск:

Copyright MyCorp © 2024