Кечээ түнкү саат он бирге жакын Кыргызстандын түштүгүндө катуу жер титирөө катталды. Зилзаланын очогу Алай районунун Нура айылына жакын жерде болуп, күчү 8 баллга жеткен. Алдын ала маалыматтарга караганда, бул табият кырсыгынан аталган айылдын 72 тургуну мерт болгон. Мындан сырткары дагы 50 чакты адам оор абалда экени айтылууда. Нура айылында жалпысынан 120 үй кыйроого кабылган.
Кыргыз Республикасынын илимдер улуттук академиясынын алдындагы сейсмологиялык институттун маалыматы боюнча, 5-октябрда саат 22:53тө катуу жер титирөө катталган. Зилзаланын күчү очогунда 8 баллга жеткен. Ош шаарынын түштүк чыгышынан 220 чакырым, Сопу-Коргон айылынан 150 чакырым алыстыкта болгон. Жер титирөөнүн күчү Ошто-6, Баткенде- 5-6, Бишкекте -3,5 баллга жеткен. Алдын ала алынган маалыматтарга караганда Нура айылынан 72 адам каза болду. 120
... Кененирээк