КЫРГЫЗЫМ
Бейшемби, 25.04.2024, 08:48
Приветствую Вас Конок | RSS
 
Главная КYНДӨЛYКРегистрацияВход
Мини-чат
300
Статистика

Учурда байланыштагылар: 1
Коноктор: 1
Колдонуучулар: 0
Форма входа
Бүгүн Оштогу өзбек тилдүү «Саясат» гезитинин баш редактору Алишер Саиповдун белгисиз адамдар колунан каза тапканына туптуура бир жыл толду. Тилекке каршы, Преиздент Бакиевдин жеке көзөмөлүндө турган бул кылмыш ишинин эмдигиче бети ачыла элек. Маркумдун жылдыгын белгилеп жаткан маалда Алишер Саиповдун апасы Зайнапхан уулунун ажалына айыптууларды таап, аеосуз жазалоону кыргыз өкмөтүнүнөн талап кылды.


Тууган-уруктары, кесиптештери Алишер Саиповдун бейитине гүлчамбар коюп, куран окушкандан кийин маркумдун жылдыгы атасы Авас Саиповдун үйүндө белгиленди. Ага Кыргызстандын түштүк борборунун улуу-кичүү тургундары катышты.

Авас Саипов уулунун көзүн тазалагандар табылаарынан дээрлик түңүлүп калгандыгын белгилеп, мындан аркы үмүт небереси – Алишердин жалгыз туягы Зулайходо калгандыгын, ал атасынын кесибин улантып журналист болоорун боолголоп жаткандыгын айтып берди.

... Кененирээк

Көрүүлөр: 793 | Кошкон: Тынчтыкбек | Күнү: 26.10.2008 | Деңгээл: 0.0/0 | Комментарий (0)

Кытайдан келген унда зыянкеч мителер менен уулуу заттардын кошулмасы болуп калышы мүмкүндүгүн адистер билдиришүүдө. Ушу тапта шектүү унда эмне бар экенин текшерип беришин өтүнүп Кыргызстандын айыл жана суу чарба, кайра иштетүү министрлиги Орусиянын тийиштүү кызматтарына кайрылган. Министрликтин өсүмдүктөр карантини кызматынын өкүлдөрү кытайлык унда өтө коркунучтуу кабык курт (копровый жук), ошондой эле меламин болушу мүмкүн деп эсептешет.


Атын атагысы келбеген Өкмөт үйүндөгү кызматкердин ырасташынча, ушу тапта талашка түшүп жаткан ун Кытай өкмөтүнүн Кыргызстанга берген кредитинин эсебинен өткөн жылдан тарта келе баштаган. Карыз акчага келчү 5 миң тонна ундун 1,5 миң тоннасы өткөн жылы алынган.

Өкмөттүн маалымат кызматынын кабарлашынча, өздүк наркы 22 сомго жете бербеген ал унду социалдык коргоого муктаж үй-бүлөлөргө килосу 15 сом 80 тыйындан сатылган. 5 миң тонна ундун калган 3,5 миң тонн ... Кененирээк

Көрүүлөр: 847 | Кошкон: Тынчтыкбек | Күнү: 26.10.2008 | Деңгээл: 0.0/0 | Комментарий (0)

Бүгүн Бишкекте мамлекеттик филармонияда “Айтматов жана бүгүнкү доор” аттуу эл аралык форум ачылды. Форумга “Диалог Евразия” платформасынын мүчөсү болгон он бир өлкөнүн жана түрк тилдүү калктарды бириктирген ТүркСОЙ уюмуна кирген он төрт мамлекеттин маданият министрлери жана ишмерлери катышты.


Кыргыз Эл жазуучусу, Кыргыз Республикасынын Баатыры маркум Чыңгыз Айтматовдун 80 жылдык мааракесине арналган “Айтматов жана бүгүнкү доор” аттуу эл аралык форум Чыңгыз Айтматовдун “Ата-Бейиттеги” бейитине гүл коюу менен ачылып, андан ары мамлекеттик филармонияда уланды.

-Аталган Форум кыргыз өкмөтү белгилеген “Айтматов жылынын” алкагында өтүп жатат. Форум Европа менен Азиянын акын-жазуучуларын, маданият ишмерлерин бириктирип, бир топ маселелерди талкуулоого шарт түзүп отурат,-деди форумдун ачуу учурунда сүйлөгөн сөзүндө мамлекеттик катчы Досбол Нур уулу.

... Кененирээк

Көрүүлөр: 3977 | Кошкон: Тынчтыкбек | Күнү: 26.10.2008 | Деңгээл: 0.0/0 | Комментарий (0)

Кечээ түнкү саат он бирге жакын Кыргызстандын түштүгүндө катуу жер титирөө катталды. Зилзаланын очогу Алай районунун Нура айылына жакын жерде болуп, күчү 8 баллга жеткен. Алдын ала маалыматтарга караганда, бул табият кырсыгынан аталган айылдын 72 тургуну мерт болгон. Мындан сырткары дагы 50 чакты адам оор абалда экени айтылууда. Нура айылында жалпысынан 120 үй кыйроого кабылган.


Кыргыз Республикасынын илимдер улуттук академиясынын алдындагы сейсмологиялык институттун маалыматы боюнча, 5-октябрда саат 22:53тө катуу жер титирөө катталган. Зилзаланын күчү очогунда 8 баллга жеткен. Ош шаарынын түштүк чыгышынан 220 чакырым, Сопу-Коргон айылынан 150 чакырым алыстыкта болгон. Жер титирөөнүн күчү Ошто-6, Баткенде- 5-6, Бишкекте -3,5 баллга жеткен. Алдын ала алынган маалыматтарга караганда Нура айылынан 72 адам каза болду. 120 ... Кененирээк
Көрүүлөр: 914 | Кошкон: Админ | Күнү: 04.05.2008 | Деңгээл: 5.0/1 | Комментарий (1)

Поиск
Календарь
«  Чын куран 2024  »
ДшШшШрБшЖмИшЖш
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930
Архив записей
Друзья сайта
  • Официальный блог
  • Сообщество uCoz
  • FAQ по системе
  • Инструкции для uCoz
  • Copyright MyCorp © 2024