Кызылсуулук кыргыздар - ЖОРУМ
КЫРГЫЗЫМ
Жума, 09.12.2016, 20:22
Приветствую Вас Конок | RSS
 
Главная Кызылсуулук кыргыздар - ЖОРУМРегистрацияВход
[ Новые сообщения · Участники · Правила форума · Поиск · RSS ]
Страница 1 из 11
Модератор форума: Akbala 
ЖОРУМ » ЧЕТ ЭЛ » ЭТНИКАЛЫК КЫРГЫЗДАР » Кызылсуулук кыргыздар
Кызылсуулук кыргыздар
Toktosun Датаcы: Бейшемби, 12.03.2009, 23:17 | Билдирүү # 1
Катардагы
Тайпа: Айдар
Билдирүү: 15
Репутация: 0 ±
Статусу: Торбетте жок
ЗАЛКАР МАНАСЧЫ ЖҮСҮП МАМАЙ

Бул улуу атабыз жөнүндө кеп салалы туугандар ,Сиздер бул киши тууралуу канчалык маалыматка еесиздер?

.

Айтылуу таарыкчы Анвар Байтур

Бул чоң таарыхчы инсаныбызды баликим баарыбыз билебиз ,сүрөтүн азыр көрүп жаткан чыгаарсыз? Анда емесе сөз учугу бул киши жөнүндө болсун .Билгениңиздерди айткыла

Бул улуу адамыбыздын чыныгы аты Асек Байтөрө болуп 1938-жылы 8-айдын 1-күнү Аксуу аймагы Онсуу ооданынын Боздөң кыргыз улуттук айлында туулган. Бул укмуштуу адамдын ата-бабалары 1916-жылдагы чоң үркүнө Аксууга келип калган.Сарбагыштын Дөөлөс уругунан.Ал бала кезинде 1945-жылдан 1949 жылга чейин Боздөңдө баштооч окуп,1953-жылга чейин Аксуу аймактык дарылмугалимде окуган.Ал ошол жылы Шинжаң инистутуна екзамин тапшырып үй-бүлөө жана башка себептер айынан сыноодон калып калат.Ошол учурда Анвар аттуу бир өзбек сабакташы үй-бүлөөсү мүнүн советке чыгып кетмекчи болгондуктан ошол сабакташынын чакыртуу кагазын алып калып үрүмчүгө окууга барган. Мына ушундай ал кишинин аты Анвар боюнча аталып жүрүп кийин Анвар Байтур болуп калган.
Калган кепти анан айталы азырынча ушунчалык

Добавлено (12.03.2009, 23:14)
---------------------------------------------

Атактуу комузчу __ Мамет Төлөмүш

Мамет Төлөмүш уулу 1928-жылы Акчий ооданы Сапарбай айылынын Кара булуң кыштагында кедей дыйкан үйүндө туулган. Атасы Төлөмүш өз доорунун мыкты комузчусу, айыл ичинде атагы чыккан кыл кыйакчы, чоорчу адам болгон. Мамет 8~9 жашынан баштап комуз үйрөнүп, 13~14 жашында айылга таанылган. Кезинде ошол айылдагы Какшаалга таанымал чоң комузчу Чиркей Шамыркан бала маметтин черткен күүлөрүн байкап, дееринде бар бала экен, деп шакирт кылып, комуз үйрөтө баштайт. Алгачында мамет Чиркейди ээрчип жүрүп, анын "Терс кагыш", "Арген күү", "Таш кула", "Байкуба жетим", "Куу багыш" сыяктуу күүлөрүн үйрөнөт. Ашкан зеендүүлүк жана өткөн убакытты сая кууп, өжөрлөнө үйрөнүү барышында айылдагы чебер комузчуга айланат.
Мамет Төлөмүштүн өнөрүндөгү өзгөчөлүк__ кол ойнотуп чертүү өнөрүнүн басымдуу орунду ээлегени.
Макеңдин өнөрү албууттанган кез 20-кылымдын 80-жылдары. Макең ошондо таланты ташкындап "жарк" этип чыга кeлди. Ал ар улут элин таңданткан ташкындаган таланты менен Шинжаң музиканттары ичинде атагы таш жарган композитор болуп жетишип чыкты.
Макең кытай элиндеги бир ууч кыргыздын зоболосун көтөрүп, 1981-, 1982-жылдары Америка, Канада, Жапониянын сахналарында кыргыз күүлөрүн жаңыртып, Кытай кыргыздарына атак-даңк алып келди. Ал күлгүн өмүрүн күү дүйнөсүнө багыштап, 1985-жылы жапония өкмөтүнүн эрекче сунушу менен 2-жолу Жапонго чыгып, 49 күн туруп, комуз күүсүнө машыркаган кымкуут жапон элинин кыбын кандырып, кыйла шаарын аралап, "Чайкама","Кара өзгөй", "Терс кагыш" өңдүү күүлөрдү жапон сахнасында жаңыртып, аларды таң калтырып, жапондо "Комуз керемети" чуусун козгоп, кыргыз күүсү жөнүндө канча сааттап лексия сүйлөө дүбүртүн козгогон. Композитор, атактуу комузчу Мамет Төлөмүш 44 жылдык чыгармачылык өмүрүндө "Беежинге басты тулпарым", "Булбул коя", "Тел коңур", "Ак шуңкар","Комузум","Заманыма кубаныч" аттуу керемет күүлөрдү "Жылкычынын ыры" өңдүү 150дөн ашуун обон-күү чыгарган.
Ал керемет таланты менен, Кытай эл республикасы маданият министирлиги, Шинжаң Уйгур Автоном району, Кызылсуу кыргыз автоном облусу жагынан көп жолу
алдынкы сыйлыктарды жеңип алган. Машан дадай, Маман курман, Макен асаналы сыяктуу комузчуларды тарбиялап жетиштирген.

Атактуу комузчу Мамет Төлөмүш оору айынан 2003-жылы акка мойун сунду. Артында толгон-токой күүлөрү кыргызга музикалык казына катары мурас калды. Ал бир өмүр кыргыз күүсү үчүн эмгектенип, кийинчереек кыргыз ансамблин жетектеп, кыргыз көркөм-өнөрүнө өчпөс салым кошту.

Добавлено (12.03.2009, 23:17)
---------------------------------------------

Жакыбалы Баялиев

1936-жылы 6-айдын 15-күнү акчий ооданынын сомташ айылы кызылгүмбөз кыштагында туулган. 1956-жылы шинжаң университетин бүтүрүп, ошол окуу жайынын өзүндө мугалим болуп калган. 1960-жылдан 1962-жылгачейин Бейжин университетинде билим ашырган. «Айтылбаган сыр, Ачылбаган дептер» сыяктуу аңгемелери, «Камчы», «Ак булут», «Өч алуу» сыяктуу повесттери, «Кашка суу», «Белек», «Нобел» аттуу китептери жарияланган. Ал өз эмгеги аркылуу курган «Ата-тоо» сыйлыгы, Акчий ооданына орноткон манастын чоросунун айкели үчүн, 2004-жылы 7-айдын 27-күнү Тургунбай садыковго берилген. Акын, профессор жакыбалы баялиев Шинжаң кыргыз тил, адабият, тарых илимий изилдөө коомунун орунбасар иш аткаруучусу, Жуңго «манас» изилдөө коомунун туруктуу мүчөсү, Шинжаң жазуучулар коомунун мүчөсү, Шинжаң эл ооз адабиятчылар коомунун мүчөсү.

Билдирүү түзөтүлдү TOKMOK - Бейшемби, 12.03.2009, 23:28
 
Tynchtykbek Датаcы: Бейшемби, 12.03.2009, 23:38 | Билдирүү # 2
Катардагы
Тайпа: Уста
Билдирүү: 17
Репутация: 0 ±
Статусу: Торбетте жок
Оооо Токмок мырза!

Мындай маалыматтар бизге аябай керек!

Жусуп аксакалыбыз тууралуу Кыргызстанда маалымат аз... Аны биз жазгыч манасчы катары гана тааныйбыз... Чындыгында жазгыч да, айткыч да манасчы...


КЫЙМЫЛЫБЫЗ - КЫРГЫЗ YЧYН!!!
 
Toktosun Датаcы: Бейшемби, 12.03.2009, 23:54 | Билдирүү # 3
Катардагы
Тайпа: Айдар
Билдирүү: 15
Репутация: 0 ±
Статусу: Торбетте жок
Шаршыбек сыдык уулу


(1925-2006)

Шаршыбек сыдык уулу 1925-жылы 8-айда Шинжаң текес ооданы азыркы Көктерек кыргыз улуттук айылында туулган. 1944-жылы 1-айда Текес ооданында үч аймак көңтөрүшүнө катышкан. 1960-жылы 4-айдан 1964-жылы 10-айга чейин борбордук партия мектебинде окуган.
Автоном райондук эл өкүмөтү байланыш башкармасынын орунбасар башчысы, автоном райондук диң жер өздөштүрүү назаратынын орунбасар назыры, автоном райондук саясий кеңештин орунбасар төрагасы, Шинжаң өндүрүш-курулуш биңтуанынын орунбасар кол башчысы, Шинжаң уйгур автоном райондук 6-, 7-кезектүү эл курултайы туруктуу комитетинин орунбасар мудуру, Жуңго «Манас» изилдөө коомунун төрагасы сыяктуу маңыздуу кызматтарды аткарган.
Шаршыбек сыдык уулу манас баштаган элдик адабиятыбызды, маданиятыбызды коргоого, куткарууга орошон эмгек сиңирген, Ыраматылыктын иштеген иштери кыргыз элинин эсинен түбөлүк чыкбайт.

Добавлено (12.03.2009, 23:54)
---------------------------------------------

Ырысбек Абыкан уулу


Ыраматылык ырысбек абыканов 1942-жылы Иле областынын текес ооданында туулган. 1996-жылы үрүмчүдө казаа болгон. Шинжаң университетинин адабият факултетин бүтүргөн. Окуп жүргөн кезинде эле «караңгыда жазылган кат» аттуу туңгуч аңгемесин жариялаган. Казакча «Шугыла» журналында узун жыл иштеген. 1981-жылы «Шинжаң кыргыз адабияты» журналы редаксиясы курулганда кызмат жөткөп ошол журналга келген. «Ак шумкар», «Өмүр», «Уктабас түндөр», «Жуңгар алабында» сыяктуу аңгеме, повесттер жыйнактары жарык көргөн. Кара сөз боюнча калемин кайраган, адабиятчы болуудан адам болууну артык билген агедил азаматтарыбыздын бири эле.


Билдирүү түзөтүлдү TOKMOK - Бейшемби, 12.03.2009, 23:44
 
kyrgyzchylyk Датаcы: Бейшемби, 31.12.2009, 11:23 | Билдирүү # 4
Катардагы
Тайпа: Колдонуучу
Билдирүү: 1
Репутация: 0 ±
Статусу: Торбетте жок
Саламдар!

Тынчыбек, aktilek.com сайты эмне болуптур? Табалбаятам.

 
Tynchtykbek Датаcы: Шейшемби, 05.01.2010, 08:05 | Билдирүү # 5
Катардагы
Тайпа: Уста
Билдирүү: 17
Репутация: 0 ±
Статусу: Торбетте жок
Кырыгызчылык! Кытайдагы уйгур тополонунан кийин бут Шинжан-Уйгур авноном районундагы интернетти кыркып салышкандан кийин ал жердеги кыргыздар да интернетке кире албай калышты >( . Аны менен кошо сайттары да жабылды (Актилек сыяктуу) :(

КЫЙМЫЛЫБЫЗ - КЫРГЫЗ YЧYН!!!
 
ЖОРУМ » ЧЕТ ЭЛ » ЭТНИКАЛЫК КЫРГЫЗДАР » Кызылсуулук кыргыздар
Страница 1 из 11
Поиск:

Copyright MyCorp © 2016