КЫРГЫЗЫМ
Жума, 19.04.2024, 17:09
Приветствую Вас Конок | RSS
 
Главная БАШБЕТРегистрацияВход
Категории раздела
Макалаларым [7]
Ырлар [1]
Видеолор [6]
Мини-чат
300
Статистика

Учурда байланыштагылар: 1
Коноктор: 1
Колдонуучулар: 0
Форма входа
Главная » Статьи » Макалаларым

"Голливуд" тасмаларын өз күчү менен кыргызчалаган жигит

Жыргалбек Ажиматов - кыргыз тил күйөрманы. Ал кадимки «Голливуд» тасмаларын өз күчү менен кыргызча которуп, Кыргызстанда биринчилерден болуп кыргызча-англисче фразеологизм сөздүгүн да түзгөн. Жыргалбектин өздүк компьютеринен которгон чет элдик кино тасмалары жана бөбөктөр үчүн мультфилмдери учурда Ош аймагында абдан популярдуулука ээ. «Эмне үчүн кыргыз үй-бүлөсү өз үйүндө отуруп кыргызча кино тасма көрө албайт» деп ар дайым арданып келген жигит «Азаттыка» маек курду.

Кабарчы: - Бул кинолорду которуу сиз үчүн жөн гана хоббиби же акча табуунун жолубу?
 

Ж. Ажиматов:- Акча табуунун жолу деп айталбайм. Өзүңөр билесинер, түштүк аймагында элдин басымдуусу дээрлик өзбек каналдарын көрүшөт. Мен эс тарткандан бери алардын орусча же англисче тасмаларды койгонун көрө элекмин. А бизде улуттук канал баш болуп токсон пайыз орусча кинолорду коюшат. Эмне үчүн биз чет элдик кинолорду өз тилибизде көрө албайбыз. Же которо албайбызбы? Которсок болот. Бизде болгону каалоо гана жетишпейт. Менин башкы эле максатым - профессионалдык денгээлде болбосо да, кыргыз элине сүйгөн тасмасын өз тилинде жеткирүү.

Кабарчы:Өзүнүз карапайым эле үй-бүлөнүн уулу көрүнөсүз... Бирок кино которууга керектелчү техникалык каражатты кантип сатып алдыңыз, кантип которгон фильмдеринизди жарыка чыгарып жатасыз?

Ж. Ажиматов: - Чындыгында кино которуу үчүн күчтүү техникалык каражат зарыл. Мен англис тилин үйрөнгөндөн кийин, кино которууга шымалана киришейин десем, компьютерим жок. Бардык каражаттарды сатып алыш мен үчүн абдан кыйынчылык жаратты. Айласыз бирөөлөрдөн карызга акча сурап, туугандардан алып компьютер сатып алдым.

Кабарчы: - Жыргалбек, сиз үчүн бир кино тасманы которуп чыгуу канча убакытты талап кылат?

Ж. Ажиматов: - Мисалы Жеки Чан катышкан «Час Пик» аталыштагы тасманы мен «Кычаган маал» деп атап, азыр 3-сериясын которуп жатам. Бир тасманы төрт айга жетпей котором. Убактымды толук бул ишке арнабайм, колум бошогондо гана которуу менен алек болом. Эгерде бардык шарт болуп, атайын студияда, кызматкерлер менен иштесең бир эле айда даяр кылууга толук мүмкүн. Мен азыр өзүм жалгыз иштейм, өзүм котором, окуйм, кооздойм.

Кабарчы: - Оштогу өзбек тилдүү телеканалдар бир топ жылдан бери эле кыргызча берүүлөрдүн танкыстыгына даттанып келишет. Балким, сизге алардан кандайдыр бир иштешүү сунуштар түшкөндүр?

Ж. Ажиматов: - Ооба, сунуш кылышкан. Мен аларга буга чейин которулган кинолорумду берсем, алар юридикалык жактан атайын документиң жок экен деп баш тартып коюшту.

Кабарчы: - Негизи эле сиз которгон тасмалардын автордук укук, анан юридикалык мүнөзү кандай болот?

Ж. Ажиматов: - Кыргызстанда автордук укук деген түшүнүк жок. УТРК, ЭлТРлер деле  «Голливуддан» барып уруксат сурашпайт да. Бизде андай мыйзам менен иштешүүгө али көп убакыт бар. Мен юридикалык мүнөзгө ээ болгон чакта деле, Кыргызстанда автордук укукту коргоп беришине дегеле ишенбейм.

Кабарчы: - Буга чейин сиз ондон ашуун тасма которупсуз, бөбөктөр үчүн мультфильмдерди которупсуз, ошондон бир аз каражат, киреше таба алдыңызбы?

Ж. Ажиматов: - Кайдагы киреше. Мен которгондон кийин досторума, туугандарыма берем. Анан алардан тарап отуруп кантип элге жайылып кеткенин билбей калам. Ага өкүнбөйм, тескерисинче адамдардын кыргызча тасма көрүүгө болгон муктаждыгын байкайм. Пайда таппасам мейли, бирок менин бир эле каалоом бар, кыргыздар «Голливуд» тарткан тасмаларды өз тилинде көрүшсүн. Түшүнүшсүн. Болгону ошол. 

"Голливуд" тасмаларын өз күчү менен кыргызчага которгон кыргыз тил күйөрманы Жыргалбек Ажиматовдун бул маегине улай “Азаттык плюс” Кыргызстандагы автордук укуктарды коргоо жаатында абал менен таанышуу үчүн "Кыргызпатент" агенттигинин мүдүрү Улан Мелисбекке микрофон узатты: 
 

У. Мелисбек: - Кыргыз, Кыргызстандын жараны катары, түштүк аймакта кыргыздардын саны азайып жатканын түшүнүп жаткан адам катары ар бир чет өлкөлүк фильмдин кыргызчага которулушун колдойм. Бирок бул тармактагы адис катары төмөнкү учурларды айтканга мажбурмун. Ар бир автордук укук чет өлкөлук болобу, кыргызстандык болобу сөзсүз түрдө ээсинен уруксат алынышы керек.

Мисалы Кыргызстан бир фильм тартты дейли. Аны башка өлкөдөгү жарандар биздин авторлордун уруксатын албай туруп өз каалаганын кыла берсе, биз кандай мамиле кылат элек? Албетте каршы чыкмакбыз. Эгер биз цивилизациялуу өлкө аталгыбыз келсе, анда эл аралык мыйзамдарды, эл аралык келишимдердин нормаларын сөзсүз түрдө сактаганга аракет кылышыбыз керек.

Кабарчы: - Жогоруда маекте айтылган ишмердүүлүктү мыйзамдуу нукка буруш үчүн кандай иш-аракеттер жасалышы керек?

У. Мелисбек: - Автордук укуктардын ээсине кат түрүндө кайрылсын. Кыргызстандан болом, акчабыз жок деп жагдайды түшүндүрүп, тасмаңарды кыргыз тилине которуп алалы, акысыз бергиле десе, менимче алар жок дебейт.

Кабарчы: -  Ал эми автордук укукка шек келтиргендер үчүн кандай чара көрүлөт?

У. Мелисбек: - Бизде Кыргызстанда азырынча эки миң сомго жакын административдик гана штраф салынат. Кармалган контрафакттык CDлер алынат. Анан бизде атайын бөлүмдө анын экспертизасы жасалат. Экспертизанын чечими менен каржы полициясы ошол ишти сот органына жеткирет. Сот акыркы чечимин чыгаргандан кийин алынган продукция жок кылынат.

- Маегиңизге рахмат.

Материал www.azattyk.org сайтынан алынды.
Категория: Макалаларым | Добавил: Tynchtykbek (25.10.2009)
Просмотров: 1325 | Рейтинг: 0.0/0
Всего комментариев: 0
Добавлять комментарии могут только зарегистрированные пользователи.
[ Регистрация | Вход ]
Поиск
Друзья сайта
  • Официальный блог
  • Сообщество uCoz
  • FAQ по системе
  • Инструкции для uCoz
  • Copyright MyCorp © 2024