КЫРГЫЗЫМ
Жума, 29.03.2024, 01:08
Приветствую Вас Конок | RSS
 
Главная РегистрацияВход
Мини-чат
300
Статистика

Учурда байланыштагылар: 1
Коноктор: 1
Колдонуучулар: 0
Форма входа
Главная » 2008 » Тогуздун айы » 13 » ОРУСИЯ КЫРГЫЗСТАН ЭНЕРГЕТИКАСЫН ЭЭЛЕШКЕ КЫЗЫКДАР
17:07
ОРУСИЯ КЫРГЫЗСТАН ЭНЕРГЕТИКАСЫН ЭЭЛЕШКЕ КЫЗЫКДАР
КМШ саммитинин алдында Орусия Кыргызстанга инвестиция алып келүүгө ниети бардыгын ырастап, энергетика тармагында кызматташууга кызыкдар экендигин билдирди. Каржылык каатчылыктын капшабынан чочулаган тараптар бул ирет инвестициялар өлчөмү канчага жетерин айтышкан жок. Кыргызстан өкмөтү орусиялык “Газпром” компаниясы менен газ чыкчу жерлерди чалгындоо-иликтөө, “Интер РАО ЕЭС” компаниясы менен “Камбарата” ГЭСтери долбоору боюнча кызматташуу тууралуу келишимдерге мурда эле жетишкен.


Орусиялык “Газпром” компаниясы өткөн жылы Кыргызстандын түштүгүндөгү газ чыгышы мүмкүн жерлерди чалгындоо жөнүндө келишимге жетишип, быйылтан тарта аны ишке ашырууга киришкен.

“Кыргызгаз” акционердик коомунун жетекчи орунбасары Абдымажит Маматисаевдин ырасташынча, кен чалгындоо иштерин жүргүзүү зарыл:

- Менимче, ал жерлерде чын эле газ чыгат, мүмкүндүгү бар. Анын үстүнөн иштеш керек. Акыркы убактарда сүйлөшүүлөр күчөдү. Эми мындан ары жакшы иштер болушу керек, деген ой бизде бар.

Кыргызстанды газ менен камсыздоочу ири ишкананын ээлигин орусиялык “Газпром” компаниясына берүү жөнүндө келишимге Бишкекте кол коюлуп, ушу тапта даярдык иштери жүрүп жатканын “Кыргызгаз” акционердик коомунун жетекчиси Саламат Айтикев да ырастады:

- Ушул учурда биз реалдуу иш башталды деп айтсак болот. Себеби 9-октябрда меморандумга кол койбодубу. Орусия Федерациясынын Энергетика министри С.Шматко менен Кыргызстандын Өнөржай, энергетика министри С.Балкыбеков. Меморандумда “Кыргызгаздын” дүйнө-мүлкүн “Газпромго” берүүгө артыкчылык берилиши жазылып турат. Ошондон ачык эле айтса болот, “Кыргызгаз” жакынкы учурда, жарым жыл ичинде “Газпромго” берилет.

Саламат Айтикеев азырынча ишкананын акциялар пакети канчага бааланары аныкталып жатканын ырастады. Адистердин пикиринде, ал акча 85 миллион доллардан 500 миллионго чейин көтөрүлүшү мүмкүн. Орусиялык эксперттер карызы көп ишкананын наркы анчалык көп акчага бааланбайт пикирин бетке кармашууда. Меморандум шарты боюнча, бир ай ичинде кыргызстандык-орусиялык эксперттер ишкананын базар баасын аныктоочу эларалык компанияларга кайрылышы керек.

Орусиянын эң ири мамлекеттик компаниясы буга чейин эле Кыргызстанды күйүүчү май менен камсыз кылуучу “Газпром Нефть Азия” түзүмүн ишке киргизген. Ал ушу тапта 9 нефтебазага, 80ден ашуун машинеге май куюучу жайларга ээ.

Энергетика тармагындагы эң ири долбоор “Камбарата” ГЭСтеринин курулушуна орусиялык “Интер РАО ЕЭС” компаниясы катышканы туру. Иши кылып газ, электр энергиясы тармагы орусиялык ири компаниялардын энчисине тийгени калды. Жакын арада менчик ээсин өзгөртчү “Түндүк электр”, “Бишкек жылуулук борбору”, “Бишкек жылуулук тармагы” кимдердин колуна тиери азырынча белгисиз. Алдагыдай жагдай айрым эксперттердин баамында, Кыргызстандын экономикалык өз алдынчалыгына салакасын тийгизери турулуу иш.

- Мени да ушул ой кабатырлантууда,- дейт саясат таануучу Валентин Богатырев.- Азыр сатылып жаткан мунайдын 90% “Газпромдуку”. Эми газ тармагын да алардын колуна берсек бир компанияга толугу менен көз каранды болуп отуруп калабыз. Анан бул жеке менчик эмес, мамлекет колундагы компания. Мындайда биз толугу менен башка мамлекетке көз карандыбыз. “Газпром” өзү билип өз алдынча саясат жүргүзбөйт. Андай болгон соң биз баш-отубуз менен башка өлкөнүн өкмөтүнүн көзүн карап отуруп калабыз. Менимче бул өтө коркунучтуу.

Эгемендик алганы ортолук суу-энергетика проблемасын жөндүү чече албай келаткан постсоветтик Борбор Азия республикаларынын жетекчилери Бишкектеги ЕврАзия кызматташтык уюмунун кезектеги жыйынында Өзбекстан өзүнөн келчү газ түтүгүн жаппай, былтыркы өлчөмдөн 150 миллион кубометр газды арбын жөнөтүү милдетин, Казакстан көмүрдү үзгүлтүксүз берип туруу убадасын беришкени кабарланууда. Мындай биримдикке келишке быйылкы жылдагы суу тартыш себеп болду окшойт. Жөн убакта коңшу өлкөлөрдүн ымалага келиши кыйынга туруп, андайдан жүрөкзаада болгон Кыргызстан орусиялык компанияларга эшигин кенен ачып, энергетика тармагын менчиктештирүүнү эртерээк өткөрүүнүн камын көрүүдө.

Бекташ Шамшиев, Бишкек
Просмотров: 1207 | Добавил: Тынчтыкбек | Рейтинг: 0.0/0
Всего комментариев: 0
Добавлять комментарии могут только зарегистрированные пользователи.
[ Регистрация | Вход ]
Поиск
Календарь
«  Тогуздун айы 2008  »
ДшШшШрБшЖмИшЖш
  12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031
Архив записей
Друзья сайта
  • Официальный блог
  • Сообщество uCoz
  • FAQ по системе
  • Инструкции для uCoz
  • Copyright MyCorp © 2024