КЫРГЫЗЫМ
Жума, 26.04.2024, 02:38
Приветствую Вас Конок | RSS
 
Главная Кыргызстандагы кыргыз тили - ЖОРУМРегистрацияВход
[ Новые сообщения · Участники · Правила форума · Поиск · RSS ]
  • Страница 1 из 1
  • 1
Модератор форума: Abdyganyev  
ЖОРУМ » ИЛИМ ЖАНА БИЛИМ » КЫРГЫЗ ТИЛИ » Кыргызстандагы кыргыз тили
Кыргызстандагы кыргыз тили
abidetegin Датаcы: Жекшемби, 01.03.2009, 16:59 | Билдирүү # 1
Катардагы
Тайпа: Колдонуучу
Билдирүү: 1
Репутация: 0 ±
Статусу: Торбетте жок
Урматтуу мекендештер! Бул жылы мамлекеттик кыргыз тилинин 20 жылдыгы болуп жатат. Бүгүну күндө Кыргызстандагы кыргыз тилдин оош-кыйыштары жөнүндө кандай пикирлерди айта аласыздар? Канткенде кыргыз тили өнүгө баштайт?

Мен таза болсом, сен таза болсоң, коом таза болот. И.Раззаков
 
Abdyganyev Датаcы: Бейшемби, 05.03.2009, 16:40 | Билдирүү # 2
Катардагы
Тайпа: Айдар
Билдирүү: 9
Репутация: 0 ±
Статусу: Торбетте жок
Эне тилибиздин азыркы абалы чеке жылытаарлык деле эмес.Кантмек элек,совет доорунда тилибизге орусча аралашып,эркиндик алаарыбыз менен европалашуу деген балакет басып,жакшы эле кыйналды тилибиз. Бирок,Аллага шугур деш керек,кийинки жаны муундун жаштарында патриоттук сезим ойгонуп келе жатат.
 
Еретик Датаcы: Жекшемби, 08.03.2009, 21:00 | Билдирүү # 3
Катардагы
Тайпа: Айдар
Билдирүү: 6
Репутация: 0 ±
Статусу: Торбетте жок
Ооба ......жогорудагы автордун ойлоруна , толугу менен кошулам! Ошентсе да өзүмдүн ойлорумду жаза кетүүнү туура көрдүм......Жер жүзүндө адамзаттын жашоосуна 5000 жылга чукул экен,кээ бир окумуштуулардын айтуусуна караганда. Байыркы заманда бир уламыштын негизинде айтып жатам...... адамзаты бир тилде, сүйлөшчү экен. Эми узартпай .....эсиңерге Вавилон мунарасы жөнүндөгү уламышты эске салбай ......айтайын дегеним бул......Тилчи болбосом да тарыхка кайрылсак......улуттун улут экенин билгизген тил экендиги анык. Муну менен айтарым .....тилди бир ордунда сактап калуу бул болбой турган утопиялык идея......Себеби тил жандуу болот.....Эстеп көргүлөчү .....өлүк тил деп аталган латын тилин........ал тилде сүйлөгөн улут азыр трансформацияланып ....ассимиляцияланып жок болуп кеткен....... Ошол сыяктуу тилге .....жаңы сөздөрдүн кириши, бул -закон ченемдүү көрүнүш! Ошол эле орус тили да трансформацияланып отуруп.....азыркы тапта ....коп тилдердин жыйындысына окшош.......Дагы бир мисал......тээ байыркы кыргыз тилинде азыр ким сүйлөй алат.......ким аны түшүнөт......? Муну менен айтайын дегеним ......тилдин өсүп өнүгүсү бул табигый көрүнүш..... Калганын дагы бир күнү жазып кетээрмин........

Добавлено (08.03.2009, 21:00)
---------------------------------------------

Abdyganyev Датаcы: Дүйшөмбү, 09.03.2009, 07:19 | Билдирүү # 4
Катардагы
Тайпа: Айдар
Билдирүү: 9
Репутация: 0 ±
Статусу: Торбетте жок
Айтканыз да туура,урматтуу Еретик. Мен жанагы эне тилин унутуп,оз тилин чанып кеткен манкурттар жонундо айттым эле. Албетте,ааламдашуу бул табигый процесс,андан качып кутулалбайбыз,техниканын,илимдин,дегеле жалпы адамзаттын онугушу менен башка тилдеги создорду кабыл алууга туура келет. Бирок ошентсе да тилибиздин уюткусун сактап калууга аракет кылсак жакшы эмеспи.
 
M_Ailett Датаcы: Шейшемби, 10.03.2009, 06:12 | Билдирүү # 5
Катардагы
Тайпа: Айдар
Билдирүү: 18
Репутация: 0 ±
Статусу: Торбетте жок
Оюнардын баарына кошулам. Кыргыз тилин онугуусуно кандай салым кошо алабыз? Эн башкысы бир убакта тилибизди жоготуп албасак, кантип сактап калабыз деп коп кабатыр болдук эле, азыр андайдан алысбыз, силерге окшогон жаштар бар, биздин осуп келе жаткан келечегибиз бар биз коркпойбуз деп айтсак болот. Биздин тилибизди, дилибизди сактап калуучу азыркы биздин патриот жаштарыбыз кобуроок болсо деп абдан каалайт элек. Биз болсо озубуз жактан колубуздан келген салымыбызды кошуп, келечек муундарыбызды тарбиялоодо туура угут корсотуп, жол корсотууго оз учурунда даярбыз. Ийгилик силерге кыргызымдын жаш патриоттору.
 
Abdyganyev Датаcы: Бейшемби, 12.03.2009, 19:17 | Билдирүү # 6
Катардагы
Тайпа: Айдар
Билдирүү: 9
Репутация: 0 ±
Статусу: Торбетте жок
[color=blue][b]

Добавлено (12.03.2009, 19:17)
---------------------------------------------
Мен кыргызмын,ошон учун сыймыктанам
Кыргыз элим жашап келген кылымдардан
Мен кыргызмын,кыргыз болуп торолгонмун
Ажал жетсе,ичер суум тугонсо да
Кыргыз болуп оломун.....
Эни тилин унуткандар-наадандар
Элин чанган,тегин чанган манкурттар
Башка тилде буудай кууруп,тушун жоруп
Тамырына темир балта чапкандар.....
Бул тилде ата-бабам "Манас" айткан
Бул тилде токмо акындар ырын айткан
Анда неге жарды дешкен,болбойт дешкен
Адамдар бар,тилин жээрип,дилин саткан.....
[color=blue]

Abdyganyev Датаcы: Бейшемби, 12.03.2009, 22:07 | Билдирүү # 7
Катардагы
Тайпа: Айдар
Билдирүү: 9
Репутация: 0 ±
Статусу: Торбетте жок
Кыргыз болуп туруп орусча суйлогондор азыркы учурда кобойуп кетишкендей. Сурай келсен чет тилдерден жок эле дегенде учоону билет,а бирок оз эне тилинде билбейт,билсе да суйлобойт,намыс кылышат. Оюмду толук билдире албайм дейт. А эмне,эне тилибиз жардыбы? Дуйнодо тендеши жок "Манасты" айткан тил жардыбы? Жети кун тынбай "Дунуйосун" ыйлап айткан Женижоктун тили жардыбы? Канча кылымдан бери ата-бабам суйлоп келе жаткан тил жардыбы? Жок дээр элем ошол эне тилин жээриген адамга,сенин кокурогун сокур,акылын тайкы,жандуйнон жарды дээр элем.
 
Tynchtykbek Датаcы: Жума, 13.03.2009, 00:25 | Билдирүү # 8
Катардагы
Тайпа: Уста
Билдирүү: 17
Репутация: 0 ±
Статусу: Торбетте жок
Тилибиз корголууга эмес, колдонууга муктаж!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!

КЫЙМЫЛЫБЫЗ - КЫРГЫЗ YЧYН!!!
 
Айтмырза Датаcы: Жекшемби, 12.04.2009, 16:02 | Билдирүү # 9
Катардагы
Тайпа: Колдонуучу
Билдирүү: 3
Репутация: 0 ±
Статусу: Торбетте жок
Ассалому алейкум, кымбаттуу кыргыз тилинин күйөрмандары! Сиздердин талкууңуздарга катышууга уруксат берүүңүздөрдү өтүнөмүн. Кыргыз тилинин колдонулуш абалы, анын азыркы учурдагы көйгөйлөрү туурасында атайын сөз кылууга арзыйт. Кээде өзүбүздү-өзүбүз жооткотуп, мындайча айтканда, алдап: "Мына, Кудайга шүгүр, кыргыз тили мурункудан көбүрөөк пайдаланылып калды. Ага күйгөн жаштарбыз көп..." деген менен, дагы деле өз элинде, өз өлкөсүндө, мамлекеттик тил статусун алып, өз деңгээлинде пайдаланылбай жаткандыгы өкүндүрбөй койбойт. Коңшу улуттардын (казак, өзбек) тилдеринин өз мамлектиндеги абалын карап туруп, биздин тилге зээниң кейит, чынбы? Ошондуктан, мына ушул маселени көпчүлүк жерде коюп, анын чечилишине өз салымыбызды кошуу-биздин, ар бир кыргыз атуулунун карыз да, парзы да!!!

Мени эч ким:"С. Эралиевсиң, Ч. Айтматовсуң, Т. Абдымомуновсуң"-дебес.
Анткен менен аларың деле А. Абылкасымов эмес!..
 
M_Ailett Датаcы: Жума, 17.04.2009, 20:24 | Билдирүү # 10
Катардагы
Тайпа: Айдар
Билдирүү: 18
Репутация: 0 ±
Статусу: Торбетте жок
Салам алейкум, эгер биз ушул темп менен кетсек, анда биз эч нерсени жарыта албайбызго, окунучтуу нерсе. Бул темага да коптон бери эч ким кирбептир, эч нерсе талкууланбаптыр.
 
Abdyganyev Датаcы: Жума, 01.05.2009, 15:23 | Билдирүү # 11
Катардагы
Тайпа: Айдар
Билдирүү: 9
Репутация: 0 ±
Статусу: Торбетте жок
Эне тилибизди колдош керек....албетте.....бирок....мамлекеттик денгээлде колдоо болсо жакшы болот эле.....мисалы...ММК жана телеберуулор тармагында олуттуу озгоруулор болуш керек.... Мамлекеттик тил дегенибиз менен ошол денгээлге жете албай тургандайбыз.....
 
ЖОРУМ » ИЛИМ ЖАНА БИЛИМ » КЫРГЫЗ ТИЛИ » Кыргызстандагы кыргыз тили
  • Страница 1 из 1
  • 1
Поиск:

Copyright MyCorp © 2024