КЫРГЫЗЫМ
Бейшемби, 28.03.2024, 23:08
Приветствую Вас Конок | RSS
 
Главная Кытайдагы кыргыздын арманы - ЖОРУМРегистрацияВход
[ Новые сообщения · Участники · Правила форума · Поиск · RSS ]
  • Страница 1 из 1
  • 1
Модератор форума: Akbala  
ЖОРУМ » ЧЕТ ЭЛ » ЭТНИКАЛЫК КЫРГЫЗДАР » Кытайдагы кыргыздын арманы (Азыркы учурдун "Какшаалдан каты")
Кытайдагы кыргыздын арманы
Tynchtykbek Датаcы: Бейшемби, 12.03.2009, 21:13 | Билдирүү # 1
Катардагы
Тайпа: Уста
Билдирүү: 17
Репутация: 0 ±
Статусу: Торбетте жок
Аман эле бол, Кыргызстан!
1990-жылдардын башында Кыргызстан эгемендүү болот экен деп Шинжаң Университетинин химия факультетинин коридорундагы 32видиюм телевизорду удаа үч күн теше тиктеп олтуруп акыры эгемендүлүк жарыялаганда алты досум менен коштугубуздан ыйлап салганбыз. Тун сүйгөнүмдүн "мен сени сүйөм" деген бир ооз макул кебин угуп бир түн уктабай таң атыргандада, биринчи перзентимдин жерге түшкөндөгү үнүн уккандада, биринчи жолку маашымды алгандага, биринчи жолу перзентим "ата " деп чакыргандагы ... айтор ошол кездекичелик кош болуп кубанган эмесмин. Мына бул бут дүйнөдөгү баардык кыргыздардын Кыргызстандын эгемендүү болгонуна карата жан дүйнөсү, сезими, басы, ыразычылыгы эле... Анткени ошол кезде ушүнча үмүтөрдү күтүп, нечен сонун түштөрдү көргөнбүз, сыймыктанганбыз, айкырганбыз-кыйкырганбыз, ыйлаганбыз, бирок бүгүнчү?!!! Кыргызстан эгемендүү болголу 20 жыл чама болгон бүгүнчү???!!! Миллион жуук бечара эл сырт элде тиричилик айынан тентип жүрөт, Орусиядагы такырбаштар көргөн жеринде кыргыздарды четинен кармап тепкилеп жатат, бир боор казак туугандарыбыз соода кылган кыргыздарды бир түндө соодасы турмак жанына ээ кылбай сүрүп салып атат, чек тоскон өзбектер текшерем деп посканага эрин жалдыратып коюп аялын согуп атат, боорун ачып кондурган Америка эренибизди өлтүрүп, кызыбызды көрнө согуп коюп жооп бербеди, ажолорубуз кыргыз жерин тери тилип саткандай элге берип атат... наристе кыздарыбыз жалап канада (кечиргиле адепсиз кеп кылып койдум) артымды тосомбу же алдымдыбы? Оозумабы же... деп жалдырап турат... күнөө кимде ?? Ушул элге ээ жокбу??? Ушул баты кетебизби??? Ушул сыяк суроолор кылт эткенде түн уйкуман тик турам.... жүрөгүм бычак тилгендей ачышат, мына бул бүгүнкү кыргызмын деген адамдын Кыргызстанга карата ою, санаасы, убайы болсо керек. Күнөө кимде ?? Ким ушул абалга алып келди??? Күнө ажолорубузда!! Ушулар ушул абалга алып келди . Эң башкы күнөө тун ажоо Акаевде.
1. Жаңы курулган мамлекет эң биринчи өз аскерин куруш керек эле. Жана күчтүү куралдандырыш керек болчу. Мисал: мамлекетибиз жаңы курулганда эң биринчи кылган иши, ошол доордогу алдынкы курал (каруу) атом бомбасы, менен водорот бомбасын жасоого жол салып жасап чыккан. Бирок мамлекет удаа ачарчылык, табыйгы кырсыктарга туушугуп канча миң адам өлсө да болбой ушул куралдарды жасап, аскердик жабдууларды, аскердик талим тарбияны чың кармаган. Ошого жеп коём деген нечен жоо жолой алган эмес. Амеиркада, Советте жоо болсо да эч нерсе кыла алган эмес. А биздин Акаев аскерсиз мамлекет болобуз деп кыңкылдап жүрүп жадаса бир нече жүз сакалчандарга да туруштук бере албады. Билүү зарыл аскер жок дегендик "берсең жейим, урсаң өлөм " деген эле кеп...
2. Улуттук идеологияны жандандырып, улуттук ооракты ойготуш керек болчу. Мындагы арга тил эле . Маңка Акаев орус тилин өкүмөт тили кылып өлдү, Кыргызстанга баргандар билет, аларга тил, маданият, адат сыяктуу улуттук нуктар анча деле зарыл эместей. Себеп бир улутту тил кана өз оорагын сактата алат.мисал: 1945-жылында азыркы Түркия ушунча алсыз эле. Кудай ыразы болгур Мустафа Кемал (Ататүрк) эң биринчи түрк тилин сапташтырган, парсыдан кирген, араптан кирген, ал тургай курандан кирген сап түрк тили эмес сөздөрдү иштетүгө тыйым салган, ал тургай жазууну да өзгөрткөн. Диндин өкүмөткө аралашуусун тыйган, ушул иштерди аткаруу үчүн куралда иштеткен. Биздин ажобузчу? Бул бечара мыйзам кабылдадык, кудай буйурса, деп иңкилдеп жүрүп бүт элдин идеологиясында өзгөртүп жиберди.
3. Бийлик "кан сакалдар "жагынан контуролдонду. (кан сакал деп кыргыздардын кара коому айтылат) Акаевдин аялы чириди, аны кан сакалдар чиритти. Аял эрин чиритти.
4. Бийликке ушунча жармашты бечара. Американын тун президенти Вашингитон эгемендүүлүк урушу мезгилинде жана бийликте олтурган сегиз жыл ичинде каражатын (маашын) өкүмөттөн алган эмес, өз чөнтөгүнөн өзү чыгарган. Негизки закондо пирезидент эки ирет эле шайланат деп белгиленгендиктен Вашингитон сегиз жылдан кийин кызматына кайткан. Бул Акаев деген адам бийлигин узартууга законду да өзкөрттү... Бул кийинкилерге адат болуп мурас калды.
5. Жарыктык ажо Акаев мекендин жан тамырын кыйып койду. Жан тамыр экономика. Мамлекетке акча бажыдан кирет. Негиздүү бажы таможна, өкүмөт керканалары, жол-катто, почто-телеграф, кендер.... булардын баары жекелештирип ийди, өкүмөт кедей болсо эл кедей болбой калбайтта...
6. Жети атасы тең күнөгө батчу кылмышты кылды. Жерди сатты, бул адат болуп калды. Керек болсо терек жыгылат, керек болсо эл үчүн, жер үчүн эр өлөт. эр үчүн жер өлсө бүт эл өлөт. Ушул кылмыш кечиргисиз...
7. Каруусуз, жерсиз, ажо элдин тактасындагы пичке болуп калды, ажодон, өкүмөтүнөн, жеринен ажыраган бечара эл тиричилик айынан тентип турат, ыйлап турат, бозек болуп турат, жашоо үчүн, кекиртек үчүн кордук зордукка чыдап, адам кылбаган айтууга да ооз барбаган кылык жорукка көнүп бир тиштем нанын таап жеп атат. Ошол нанды тиштегенде көз алдына кылган эткени кандай жол менен ушул нанды тапканы көз алдына тартылып көлдөгөн көз жашы менен нанды ирмейт... ач - жылаңач эл улутту канчалык ойлосун??? Ал тургай башка улут болуп башка мамлекеттин атуулу болуп калсам эмне деп армандашат. Бул чындык. Бүгүнкү күндө эми эл аранын карызына ээ болом деп эки нардын ортосунда калды, ууру жакадан, бөрү этектен алып турат. (сакалчандарда өч болду, туугандарыбыз-коңшуларыбыз жер бер деп кыстап турат), эл бул иштерди ойломок турмай нандын айында чыркырап турат. Бир иш болсо ажолорго учактар менен жалап катындай качып кутулаар, тергенине тезек жок, темингенине эшек жок эл байкуш эмне болоор??? Менин колуман эмне келсин "алы жетбеген акыретчил" дегендей какшап куурап, каргап шилеп кала берээрмин. Ата жаман чыккан уулуна дайым"аман эле болсун" деп үшкүрүп кала берет . Мен да "аман эле бол Кыргызстан" дейин....
http://www.akdil.com.cn/bbs/read.php?tid=1221


КЫЙМЫЛЫБЫЗ - КЫРГЫЗ YЧYН!!!
 
oilonuu Датаcы: Бейшемби, 12.03.2009, 22:04 | Билдирүү # 2
Катардагы
Тайпа: Колдонуучу
Билдирүү: 1
Репутация: 0 ±
Статусу: Торбетте жок
келгиле туугандарым , келгиле мекендештерим ! кытайлык кыргыздар ушундай кыргыз жан күйөрлүү жакшы үмүттөрдү ойлошот екен . алардын оюна береке берсин .... улуттун куткаруучулары , корком келечек куруучулар , мамлекетке орошон емгек кошо турган биз келечек жаштары ушул мамлекетибизди жаңы таза жолго , улутубузду өнүктүрүүгө ,еконокика , саясат , билим-маданият жактан ушул жерге кирип ортоктош ой-пикирде болуп жакшынакай ойлогон ой-сунуштарыңыздарды ,кымбаттуу пикирлериңиздерди берип, оз ара жанды ериткидей уюлуу соз кеңеш салсак деген ойдомун , баарыбыз ушул мамлекетибиз , кыргыз тилибиз үчүн көрүнүктүү ойлорубузду айтсак , ушул жерде маектешсек , кандай билимдүү сунуштарыңар , кандай амалий аракет кылуу , негизкиси улутубуздун билим деңгелин жана ар түрдүү кырдаалын жакшылоо , ошондой еле башка маселелер тууралалуу сонун ой бөлүшсөк мекендеш боордоштор ...........
албетте , негизги көптүн күчү көл болор , биримдикте , ынтымакта чың кол кармашып асыл идеяларыбызды айтып ой бөлүшсөк .... келгиле туугандар ..... биз ар дайым жеңиштүү болгон МАНАС тын урпактары .....


Мен Кыргызмын , Түбөлүккө Кыргызымды Сүйөмүн !!!
 
ЖОРУМ » ЧЕТ ЭЛ » ЭТНИКАЛЫК КЫРГЫЗДАР » Кытайдагы кыргыздын арманы (Азыркы учурдун "Какшаалдан каты")
  • Страница 1 из 1
  • 1
Поиск:

Copyright MyCorp © 2024