Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символикасы
[spoiler]
1992-жылы 3-мартында Жогорку Кеңештин 8-сессиясында кабыл алынган, ал эми 5-мартта Өкмөт үйүнүн төбөсүнө салтанаттуу түрдө көтөрүлгөн.
Авторлору: Э. Айдарбеков, Б.Жайчыбеков, С.Иптаров, Ж.Матаев, М.Сыдыков.
Туунун бир кылка кызыл түсү эрдик менен кайратты, нурга болонгон Күн тынчтык менен байлыкты, ал эми түндүк ата журтту, кыйла кеңири мааниде - дүйнөнү, ааламды туюндурат
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеш тарабынан 1994-жылдын 14-январында бекитилген.
Авторлору: Асейин Абдыраев - Нарын шаарындагы балдардын сүрөт мектебинин директору,
Садырбек Дубанаев - Нарын облосунун ИИБ начальниги.
Кыргызстандын мамлекеттик символу болгон гербде булар чагылдырылган:
Ак шумкар - тоону мекендеген кыргызстандыктардын берешендиги жана кыраакылыгы, максат-мүдөөсүнүн бийликтиги; чалкып жаткан кол - табияттын сулуулугу, жашоонун жана күч-кубат башатынын символу.[/spoiler]