КЫРГЫЗЫМ
Бейшемби, 28.03.2024, 19:57
Приветствую Вас Конок | RSS
 
Главная КYНДӨЛYКРегистрацияВход
Мини-чат
300
Статистика

Учурда байланыштагылар: 1
Коноктор: 1
Колдонуучулар: 0
Форма входа
Главная » 2008 » Тогуздун айы » 26
Бүгүн Оштогу өзбек тилдүү «Саясат» гезитинин баш редактору Алишер Саиповдун белгисиз адамдар колунан каза тапканына туптуура бир жыл толду. Тилекке каршы, Преиздент Бакиевдин жеке көзөмөлүндө турган бул кылмыш ишинин эмдигиче бети ачыла элек. Маркумдун жылдыгын белгилеп жаткан маалда Алишер Саиповдун апасы Зайнапхан уулунун ажалына айыптууларды таап, аеосуз жазалоону кыргыз өкмөтүнүнөн талап кылды.


Тууган-уруктары, кесиптештери Алишер Саиповдун бейитине гүлчамбар коюп, куран окушкандан кийин маркумдун жылдыгы атасы Авас Саиповдун үйүндө белгиленди. Ага Кыргызстандын түштүк борборунун улуу-кичүү тургундары катышты.

Авас Саипов уулунун көзүн тазалагандар табылаарынан дээрлик түңүлүп калгандыгын белгилеп, мындан аркы үмүт небереси – Алишердин жалгыз туягы Зулайходо калгандыгын, ал атасынын кесибин улантып журналист болоорун боолголоп жаткандыгын айтып берди.

... Кененирээк

Көрүүлөр: 789 | Кошкон: Тынчтыкбек | Күнү: 26.10.2008 | Деңгээл: 0.0/0 | Комментарий (0)

Кытайдан келген унда зыянкеч мителер менен уулуу заттардын кошулмасы болуп калышы мүмкүндүгүн адистер билдиришүүдө. Ушу тапта шектүү унда эмне бар экенин текшерип беришин өтүнүп Кыргызстандын айыл жана суу чарба, кайра иштетүү министрлиги Орусиянын тийиштүү кызматтарына кайрылган. Министрликтин өсүмдүктөр карантини кызматынын өкүлдөрү кытайлык унда өтө коркунучтуу кабык курт (копровый жук), ошондой эле меламин болушу мүмкүн деп эсептешет.


Атын атагысы келбеген Өкмөт үйүндөгү кызматкердин ырасташынча, ушу тапта талашка түшүп жаткан ун Кытай өкмөтүнүн Кыргызстанга берген кредитинин эсебинен өткөн жылдан тарта келе баштаган. Карыз акчага келчү 5 миң тонна ундун 1,5 миң тоннасы өткөн жылы алынган.

Өкмөттүн маалымат кызматынын кабарлашынча, өздүк наркы 22 сомго жете бербеген ал унду социалдык коргоого муктаж үй-бүлөлөргө килосу 15 сом 80 тыйындан сатылган. 5 миң тонна ундун калган 3,5 миң тонн ... Кененирээк

Көрүүлөр: 843 | Кошкон: Тынчтыкбек | Күнү: 26.10.2008 | Деңгээл: 0.0/0 | Комментарий (0)

Бүгүн Бишкекте мамлекеттик филармонияда “Айтматов жана бүгүнкү доор” аттуу эл аралык форум ачылды. Форумга “Диалог Евразия” платформасынын мүчөсү болгон он бир өлкөнүн жана түрк тилдүү калктарды бириктирген ТүркСОЙ уюмуна кирген он төрт мамлекеттин маданият министрлери жана ишмерлери катышты.


Кыргыз Эл жазуучусу, Кыргыз Республикасынын Баатыры маркум Чыңгыз Айтматовдун 80 жылдык мааракесине арналган “Айтматов жана бүгүнкү доор” аттуу эл аралык форум Чыңгыз Айтматовдун “Ата-Бейиттеги” бейитине гүл коюу менен ачылып, андан ары мамлекеттик филармонияда уланды.

-Аталган Форум кыргыз өкмөтү белгилеген “Айтматов жылынын” алкагында өтүп жатат. Форум Европа менен Азиянын акын-жазуучуларын, маданият ишмерлерин бириктирип, бир топ маселелерди талкуулоого шарт түзүп отурат,-деди форумдун ачуу учурунда сүйлөгөн сөзүндө мамлекеттик катчы Досбол Нур уулу.

... Кененирээк

Көрүүлөр: 3974 | Кошкон: Тынчтыкбек | Күнү: 26.10.2008 | Деңгээл: 0.0/0 | Комментарий (0)

Поиск
Календарь
«  Тогуздун айы 2008  »
ДшШшШрБшЖмИшЖш
  12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031
Архив записей
Друзья сайта
  • Официальный блог
  • Сообщество uCoz
  • FAQ по системе
  • Инструкции для uCoz
  • Copyright MyCorp © 2024