КЫРГЫЗЫМ
Жума, 19.04.2024, 07:52
Приветствую Вас Конок | RSS
 
Главная БАШБЕТРегистрацияВход
Категории раздела
Макалаларым [7]
Ырлар [1]
Видеолор [6]
Мини-чат
300
Статистика

Учурда байланыштагылар: 1
Коноктор: 1
Колдонуучулар: 0
Форма входа
Главная » Статьи » Макалаларым

Уя

Эч жан калбаган ээн талаада жалгыз атчандын карааны көзгө түшөт. Атынын кара тер болгонунан жерге жабыша калып оттогонунан узун жол басып келгени байкалат. Калпакчан жигиттин ээрди кезерип кургаганынан улам шилекей ирмеп жутканынан катуу чалкаганы байкалат. Ал атынын башын тартып алыстарга көз салат. Тээ алыстан түтүн учкансыйт. Ал ошол тарапка жол алат.

           Ээн талаада жалгыз алачык көзгө түшөт. Атчан жигит ошол алачыктын алдына келет. Ит үрүп, итти тосуп кемпир чыгат.

          Жигит: - Салам, арыбаңыз чоң эне.

          Кемпир: - Бар бол балам.

          Жолоочу жигит аттан түшүп атын мамыга байлайт. Кемпир аны үйгө баштап кирет. Үйдө камчы өрүп карыя отурат.

          Жигит: - Салам, арыбаңыз ата.

          Карыя: - Бар бол уулум. Кайдан?

          Жигит: - Жок издеп.

          Карыя: - Демек алыстан келген турбайсыңбы?  Карыя жигитти бир карап алып: - Кана кемпир айраның барбы? – деп кемпирине карап калат.

           Кемпир: - Мына - деп чыны толо айран сунат.

           Жигит: - Кошуналарыңыз кайда кеткен?

           Карыя: - Баары жайлоого кетишти.

           Жигит: - А сиздерчи? – деп таң кала сурайт.

           Карыя: - Биздин коногубуз бар.

           Жигит: - Конок?... ойлоно.

            Карыя: - Тигини айтам - деп түндүктөгү чабалекейдин уясын көрсөтөт. - Коногубуз ошол. Ошончодон ошол түндүккө уя салып алыптыр. Балапан дагы чыгарышкан. Кудай буйруса жакында балапандарын учурушат. Анан ошондо биз да бошойбуз. Антпесе тигилерге убал го? Түндүктү түшүрүп уясын талкалаганда кантип болсун? Мына аз күн чыдай турсак сый менен келген коногубузду сый менен узатып коёбуз. Анан жайлоого барабыз. Малыбызды кошуналарыбыз багып жатышат. Жалгыз уй алып калганбыз. Ошону саап ичип биз мындабыз. – деп карыя сөзүн бүтөт.

           Жигит түндүктөгү чабалекейдин уясына, чыйпылдаган балапандарга, кайкып учкан жуп чабалекейге, андан ары ачык асманга ойлуу тиктейт. Анан... – Оо касиетиңден айланайын кадырлуу элим! Дүйнөдө сендей сыйчыл эл болбос! – деп күбүрөнөт...

Категория: Макалаларым | Добавил: Тынчтыкбек (26.10.2008) | Автор: Эркин Айтакун
Просмотров: 868 | Комментарии: 2 | Рейтинг: 5.0/1
Всего комментариев: 1
02.06.2009
1. eldar [Материал]
ushu azyrky kyrgyz saittardy kydyryp oturup myndai chechimge keldim

kobunchosu sekktantarmenen jasalat okshoit

ainyp chokunupketkender jonokoi aitkanda

biakta jazyp otuasynar kazaktar dushman ozbekter dushman dep

chynynda chokungandar dushman alarga karakanda

uibuzdu ortodon bolup borugo jem kylgandar

koi terisin jamynyp kelip ilimii kitep jazymyshbolup kydgyz tilin biblia arkylu uirongulo dep
kylganybyz kyrgyzuchun dep aldap
jyiyntygy kelgende 70 jil sovet kylalbagandy kylyp talkalap koiushat

admin chin ele dinin kandai ia ?


Добавлять комментарии могут только зарегистрированные пользователи.
[ Регистрация | Вход ]
Поиск
Друзья сайта
  • Официальный блог
  • Сообщество uCoz
  • FAQ по системе
  • Инструкции для uCoz
  • Copyright MyCorp © 2024