КЫРГЫЗЫМ
Ишемби, 20.04.2024, 05:54
Приветствую Вас Конок | RSS
 
Главная БАШБЕТРегистрацияВход
Категории раздела
Макалаларым [7]
Ырлар [1]
Видеолор [6]
Мини-чат
300
Статистика

Учурда байланыштагылар: 1
Коноктор: 1
Колдонуучулар: 0
Форма входа
Главная » Статьи » Макалаларым

"Бүткүл аалам мени карап тургандай…"
Белгилүү акын "Кызылат" (1989), "Боз торгой" (1998), "Асанкул куудул" (2003), "Сагыныч" (2004), "Чокморовго ыр десте" (2006), "Ысыккөл сүйүүнүн көзүндөй" (2006) жана Алыкул Осмонов атындагы республикалык адабий сыйлыктын лауреаты (2005), Маданияттын мыкты кызматкери (2008) деген төш белгиси менен сыйланган Бактыгүл Чотурова бизде мейманда.

- Бактыгүл эже, балалыгыңыздын таза асманы жөнүндө айтып берсеңиз?
- Жалалабат областынын Токтогул районундагы Каражыгач айылында 1955-жылы 29-сентябрда туулгам. Ал эми балалык чагым аралчалуу, токойлуу, кайнама булактары бар, суунун тунуктугунан балыктар көрүнүп, оргуштап турган сууга далай ирет бакан менен келип, суу чачышып ойногон кезим Кызылжазы айылында өттү. Учурда Кызылжазы айылы жана кайнама булактар орду түбү менен жок. Себеби, Токтогул ГЭСи курулганда биздин үй суунун алдында калган. Биздин айыл Каражыгачка көчүрүлүп, ал жерде каражыгачтан башка эч нерсе өспөгөн кумдак жер. ГЭС коңшу мамлекеттерди камсыз кылып турганы менен жергиликтүү калкка кечирилгис трагедия алып келди. Биринчиден өзүбүз өскөн айылды көрбөй калдык, экинчиден канчалаган элдердин жерлери суу астында калды, үчүнчүдөн жети атабыз жаткан көрүстөндөрдү казып, сөөктөрүн башка жерлерге көөмп, орун алган жерин да ыраа көрбөй тартып алыштын өзүндө эле кечирилгис айып жатпайбы... Кээде тургундардын кысталыш турмушун көрүп боорум ооруп да кетет. Балалык чагымдын издерин издеп айылга барганымда мелтиреген көлдү тиктеп, кусаланып кайра келем.
- Чыгармачылыкка кандайча кадам таштагансыз?
- Мектепте окуп жүргөндө эле кыргыз адабиятка өтө ынтызар элем. КРнын эмгек сиңирген мугалими, КРнын эл мугалими деген даражага жеткен Бекмырза Батыркулов агайдын колунан таалим-тарбия алдым. Кыргыздын жигиттери Корчагиндей, кыздарыбыз Жоомарттын Алтын кызындай болуш керек дечү. Ал учурда азыркыдай окуу куралдары жок болсо да, агай сүйлөө речи менен образдуу көңүл бурдуруп, жөнөкөй тили менен окуучулардын жүрөгүнө жеткире алган. Учурда жашым элүүдөн ашса да Бекмырза Батыркулов келатат десе өзүмдү окуучудай сезип, боюмду түзөп калам.
Алгачкы ырым Бекмырза агайдын жардамы менен Токтогул районундагы "Учкун" газетасына калың дептеримден төрт сап ыр жарык көргөндө сүйүнүчүм койнума батпай, бүткүл аалам мени карап тургандай сүйүнгөм. Чыгармачылыкка алып чыккан алгачкы кадамым бул - жакшы тилек болгон.
Тоолор, тоолор,
Менин сүйгөн мекеним.
Туу чокуда мелмиреген эң назик,
Заманымдын мен мүлкү бекенмин.
Ушул саптар мени адабияттын ааламына алып чыккандай сезилет…
- Сизге эргүү кандай учурда келет?
- Чыгармачыл адамдар эч качан орто заар жүрө албайт. Эргүү өтө кайгырганда, өтө кубанганда келет.
- Жаңыдан өсүп келаткан жаштарга кандай карайсыз?
- Бизден кийинки муундар адашкан тайлактай болуп, өз киндиктерин өздөрү кесип калышпадыбы? "Эл ичи өнөр кенчи" демекчи, өнөр эч качан токтобойт. Коомдун прогрессивдүүлүгүндө ар бир муун бири-биринен күчтүү чыгуусу кажет. Эгерде муундун өзүнөн кийинки мууну күчтүү эмес чыкса, анда ал коомдун өспөгөндүгүн билдирет. Ал эми биздин жолубузду андан ары өркүндөтүп кете алган муундар: Ж.Исабаева, Н.Калыбеков, А.Эгембердиевалар жана андан ары улай турган жаш муундун топтому "Калемгер адабий клубунда" тарбияланып келаткан жаш муундар кыргыз адабияттын көчүн андан ары улап кетүү үчүн аларга колдоо көрсөтүү ар бирибиздин тилегибиз болуш керек.
- Турмушта эмнеге өкүнөсүз жана эмнеге кубанасыз?
- Адам баласы өкүнүчсүз жана кубанычсыз жашабайт. Ошон үчүн "алды кызык, арты өкүнүч дүнүйө" деп айтат тура… Көбүнесе адам баласы утуру өткөн жашына өкүнөт. Менин деле өкүттө калган учурларым деле болот. Бара-бара көсөм болот экенсиң, турмуш адамды тарбиялап отуруп 80-90 жаштагы карыларыбыз эмне үчүн даанышман болуп калат десе, турмуштун ысык-суугунан өтүп, жаман-жакшыны ылгап отуруп даанышман болуп калат тура. Адамдын баркын көзү тирүүсүндө баалап, ага стимул берип, мыкты эмгектерди жараткандыгы үчүн, талантынын бааланбай калганынын кимге кереги бар. Коңшу өлкөлөрдө мамлекеттик наамдар жок болгону менен чыныгы таланттарды эл гана баалап коёт. Айрым бир мамлекеттерде 50 жаштагы чыгармачыл адамдар өз баасын алышат. Ал эми бизде талантына 70 жаштан кийин гана көңүл бурулат. Мисалы, кыргызымдын залкар таланттары Б.Алыбаев, Р.Абдыкадыров, А.Бөдөшевдөр баш болгон таланттардын ырына мыкты обондор чыгарылып, өлбөс-өчпөс ырга айланып жүрөт. Менин жеке пикиримде ушул мамлекеттик наамдарды, сыйлыктарды жоюп эле салышпайбы? Анткени, наамдардын айынан басынган учурлар да болот.
Ал эми кубанычым беш кызымды көргөн күнүм, төрт неберемди эркелеткен учурум жана мени сүйгөн, сыйлаган инсандардын жанында отурган күнүм бактылуу.
- Эч бир жанга айтпаган купуя сырыңыз барбы?
- Албетте бар. Бирок, сырымды азыр да айтпайм. Эмне үчүн дегенде адамдын адамдыгы жүрөгүндө катылган купуя сырында.
- Сүйүүнүн баркы эмнеде?
- Сүйүүнү саясат менен салыштырсак. саясат күнүмдүк нерсе. Ал эми сүйүү айтып бүткүс түбөлүктүү темалардын бири. Ар бир акындын өзүнүн стили болот. Менин калемимде бул теманы сыйлайм жана өмүр бою жазып өтөм.

Убакыт таппайт адам өзүнө
Туулгандан өлбөөчүдөй сезиле,
Не бир түркүн тагдырларга кезиге.
Улуу, кичүү көөнүн алам деп жүрүп,
Убакытты таппайт адам өзүнө.

Баланчанын тою болот, барайын…
Түкүнчөнүн түйшүгүнө жарайын…
Балдар жүгү андан оор желкеңде…
Чачыңдан көп иш жылдырбай дамайым…

Бук болосуң жүрсөң дагы эрдемсип,
Бул жашоого чарчоо үчүн келгенсип.
Бута коюп улам арткы жашыңа,
Мезгил дагы мээлеп аткан мерген түк.

Жашыл канат жаз-жаштыкты калтырган,
Жана гана бардай элес тартылган…
Жалгыздыктын толтурууга бөксөөсүн,
Жалгыз жээкте мени аяган-жан турган.

Кымбатына кеч аянып телмиргем,
Кыйраткандай тириликке не жеңдиргем?!
Кыйгач жолду көз жашыма сабатып,
Кылычымды ташка чаап келдим мен.

Мээлүүн сезип мендик сүйүү аптабын
Мен өзүмө неге убакыт таппадым.
Анткен менен атың толкун атаган,
Көөнүм Көлдө - сен сагынган жактамын.

Категория: Макалаларым | Добавил: Админ (04.05.2008)
Просмотров: 1602 | Комментарии: 4 | Рейтинг: 0.0/0
Всего комментариев: 3
15.10.2008
3. Гулзя уалй кызы (aruuke) [Материал]
Салам тынычтыкбек мырза! биз орусча билбегендиктен кеебир сөздөрдү түшүнө албай,макала жолдогондо кйынчылыкка учурайт экенбиз, мисалы мен кыргыздын каада салттары деген жерге макала жазмакчы болуп, канадай жолдогонду билбедим, анан жазган ырларым ордуна барбаптыр , мүмкүн болсо кыргызчөсын да кыргызуп койсоңуз...

15.10.2008
2. Гулзя уалй кызы (aruuke) [Материал]
Сиңдиме
Кучагына катып канча сүүйүүнү,
Кетет ай_жыл кеткендигин көз көрбөйт.
Арлалыкты тоолор тосуп турсада,
бир туугандык жүрөгүбүз өзгөрбөйт.

Төрт мезгилдей арубакыт кубулуп,
Тагдыр сени экчеер балким сан жолу.
Өмүрүңө кайратыңды шерык кыл,
Өзгөрсөда өмүр таатал миң жолу.

Туйам секет сагенасың ыйлайсың,
Туурга келип конгон кезде гөгүчкөн.
Дилиң муздап көздөрүңөн жаш тамса,
Деп тилерсиң бир боорлорум көрүшсөм.

Тагдыр ошол, өмүр ошол берекем,
Таң куулан өөк алмашканда түн күнгө,
тилерсиң сен бир алладан миң жолу,
Тууган жердин көк шиберин көргөнгө.

кусалансаң айалдабай тез келгин,
Кымбаты артык тууган жердин тууруна.
Таңдайыңды жибитип кайт чаңкасаң,
Тууган жердин касыйеттүү суусуна![/size]


10.10.2008
1. Гулзя уалй кызы (aruuke) [Материал]
Шамалдай айдап муңдун көлөкөсүн,
Шайыр кыз ырларыңан өпкүм келет.
Жаныңа азап чаңы консо эгер,
Жамгырдай жууп_чайып кетким келет.

Добавлять комментарии могут только зарегистрированные пользователи.
[ Регистрация | Вход ]
Поиск
Друзья сайта
  • Официальный блог
  • Сообщество uCoz
  • FAQ по системе
  • Инструкции для uCoz
  • Copyright MyCorp © 2024