ТЫНЧТЫКБЕК.UCOZ.COM КЫЙМЫЛЫБЫЗ КЫРГЫЗ YЧYН!!! - ТОРБЕТ ТУУРАЛУУ
КЫРГЫЗЫМ
Ишемби, 07.11.2009, 16:26
Куш келипсиз Конок | RSS
 
Башбет ТОРБЕТ ТУУРАЛУУКаттооКирүү
Торбет тандамы
Маекче
300
Сурамжылоо
Сайтка берилген баа
1. Аябай жакшы
2. Жакшы
3. Орточо
4. Аябай жаман
5. Жаман
Баардык жооптор: 35
Торбет тууралуу

      Бул торбеттин негизделишине түрткү болгон эң негизги себеп - кыргызча торбеттердин жетишсиздиги эле. Кийинчерээк, кыргызча торбеттердин санынын акырындап болсо дагы өсүшү бизге дем-күч берди. Мамлекеттик тил жөнүндө жаңы мыйзамдын күчүнө кириши менен көрүлө баштаган чаралар бул сайтты түзүү пикирин бекемдетти. Эне тилибиздин өнүгүүсүнө көмөктөшүү жана ошол багытта кыргыз тилдүү сайттардын санын бирге болсо дагы көбөйтүү жолу менен жарандардын кыргыз тилин колдонуусун үндөөнү жана кызыктырууну туура деп таптык. Торбеттин максаттарына, албетте, Мекенибизди жакшылап таануу дагы кирет. Бул торбет баардык программаларга тиешелүү суроолорду камтыбаса дагы баарыбыз кайдыгер кала албай турган тарыхка байланыштуу суроолорду камтыйт. Торбетте кемчилдиктер болушу мүмкүн. Адам баласы болгондон кийин ката кетиребиз. Ким гана ката кетирбейт? Ката жасаштан коркуп такыр эч нерсе кылбаган адам! (Такыр эч нерсе кылбаганы дагы өзүнчө бир ката, бирок ал башка тема ). Бирок сиздердин көрсөтмөңүздөр менен каталарды жоёбуз деген ойдомун. Кыргызда айтылгандай, оогон жүгүбүз көчтө ары бери түрткүлөнүп жатып оңолот. Бул торбет маалымат алмашуу жана билгениңди бирөө менен бөлүшүү функциясын дагы аткарууга даяр. Сиз жөнөткөн суроо башка бирөөлөрдүн жаңы нерсе үйрөнүүсүнө жардамчы болот. Интернет көп колдонула баштагандан бери мурдагыдай отуруп китепти изилдөө кыйын болуп калды. Анда бизге түшкөн милдет - бизди китептерден алыстаткан ошол эле интернеттен пайдаланып элдин маалымат алуусун жеңилдетүү. Сиз бизге жөнөтө турган суроолор чоң мааниге ээ. Натыйжада мындай жагдайдын элибиздин сабаттуулугун жогорулатууда оң таасири болот.  Тил деген мезгилдин талабына жараша өзгөрүп турат эмеспи. Бул багытта салымыбыз боло турган болсо атуулдук милдеттерибизден бирөөнү орундаткан болобуз! Торбет жана анын максаттары тууралуу жаңы сунуштарыңыз болсо бизге кайрылыңыздар! Көңүл бурганыңыздар үчүн чоң рахмат! Бар бололу, бир бололу!    Сиздерди терең урматтап кыргызымдын дагы бир  уулу Тынчтыкбек.

Кирүү формасы
Атыңыз:
Cырсөзүңүз:
Жаңылыктар жылсанагы
«  Жетинин айы 2009  »
ДшШшШрБшЖмИшЖш
      1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30
Издөө
Өнөктөштөр
Санак

Учурда байланыштагылар: 1
Коноктор: 1
Колдонуучулар: 0
Байланыш тел.: +996 558 23 02 86, e-mail: tynchtykbek@gmail.com  © 2009