| Tynchtykbek |
Датаcы: Бейшемби, 12.03.2009, 23:12 | Билдирүү # 1 |
Катардагы
Тайпа: Уста
Билдирүү: 16
Статусу: Торбетте жок |
Урматтуу коноктор жана колдонуучу тургундар!!! Торбетти кыргызчалаштыруу кыйсылы убакыттын тардыгына байланыштуу кечигип жатат. Ошентсе да акырындык менен которуп чыгабыз. Албетте, бул кыймылда сиздерден арбын жардам кутом. Которуудагы негизги ураан: торбетти 101% кыргызча кылуу!!! Сунуштарыныздар, суроолор болсо бериниздер...
КЫЙМЫЛЫБЫЗ - КЫРГЫЗ YЧYН!!! |
| |
| |
| atambay |
Датаcы: Шаршемби, 18.03.2009, 10:45 | Билдирүү # 2 |
Катардагы
Тайпа: Колдонуучу
Билдирүү: 11
Статусу: Торбетте жок |
урматтуу ыным тынчдыкбек، ушул ойуңдан ылаайым жаса чаап кетбей ыздене бер، сага ыйгылык жар болор бекен!. ең бырынчы айтарым сунуш-талаптарды жерде койбой аткарганың үчүн айабай кубануудамын. айтар сөз тор бетте ыштеле турган аталгуулардын көбүн кыргызчалаштырып жакшы кылдың. дагы еле аз быр аталгуулар жат тылде болгондугуна байланыштуу торго кырүү، ага жазуу бойунча быр топ тоскоолдуктар болуп, көптөгөн кыргыздар торго кыре албай жатышат. мысаалы: торго катталуу барыштакы аталгуулар быр бүтүн кыргызча емес, же талаптар бек еле көп болгондугуна байланыштуу. ушулар кыска ары жөнөкөйлөштүрүлсө. “өлкө, шаары, жашы, кот, кол коймосу” деген өңдүү ашыкча жумуштар тор беттын жөндөмүнө каршы келбесе алынып салынса. дагы быр жагдай тор бетты кыймылга келтырүү топчулары дагы еле жат тылде болууда. азыр жорумдун үстү тарабында 3 топчу، алды тарабында 5 топчу турат. бардыгы жат тылде болгочко кыймылга келтырүүдө кыйнчылык туулат екен. менчче ушуларды “тема” “жооп” “дайын-дарек” “астына” “үстүнө” “жүктө” “айнуу” “өзкөртүү” “өчүрүү” деп ыкчам кылса кандай болор еле؟. калганда бара-бара оңшолуп бара берет емесбы. 101% деген сөздү ыштетбесең. мунун башкада маанысы бар емесбы. аргандай нерсе 100% сап болбойт. азыр кыргыздардын өздөрү 100% болбой жатса، тылы кандай еле101%га жете калмак еле?. ٪98ге жеткыре алсак деле абдан болмок. лыкын ойуңуду түшүнүп турам. менче аргандай жат тылден кырген аталгууларды кыргызча которууга болот. бырөөбүздүн жөндөмүбүс жетбесе ортого салып орток которсок, барып келып быр күнү ордун табат. ошентып ене тылыбыздын кору байыйт. жана быр айтарым кыргызыстан жазуусундакы “ү, ө, ң” дан турган үч тамга жазылбай турат. бул кандай болгону?. мүмкүн бар тор бетте кыргызыстан жазуусу жазылгандай жөндөмгө ее болсо кандай сонун болор еле. азыр ар кым ар башка тамгаларда жазышып түшүнүксүз болууда. ушул жагында карап баксаң?. калган кеп-сөздөр болсо кеп орому келгенде айтышарбыз...
кайдасынар кыргыздар, кайдасынар жылдыздар... |
| |
| |
| Айтмырза |
Датаcы: Бейшемби, 16.04.2009, 17:03 | Билдирүү # 3 |
Катардагы
Тайпа: Колдонуучу
Билдирүү: 3
Статусу: Торбетте жок |
Менимче, Атамбайдын айтканына сенчилеп 101 пайыз эмес, өзү айткандай 98 пайыз кошулууга болот. Кыргыздын тилин тил кылып турган, башка түрк тилдеринен айрымалап турган бир өзгөчөлүгү ӨҢҮ деген үч тыбыш. Демек, жазууда ушул тыбыштарды белгилеген тамгаларсыз кыргыз тилин көтөрбүз деп айтуунун өзү жөн эле куру кыял... Андыктан, бир амалын кылып, сайтка ушул тамгалар менен жалпы баары кире ала турган мүмкүнчүлүктү издөө жана тез арада табуу зарыл! Ошондон кийин гана кыргыз тилинин тазалыгы, анын туура жазылышы (орфографиясы) тууралуу сөз кылса жарашат...
Мени эч ким:"С. Эралиевсиң, Ч. Айтматовсуң, Т. Абдымомуновсуң"-дебес. Анткен менен аларың деле А. Абылкасымов эмес!.. |
| |
| |