КЫРГЫЗЫМ
Шаршемби, 24.04.2024, 11:10
Приветствую Вас Конок | RSS
 
Главная КYНДӨЛYКРегистрацияВход
Мини-чат
300
Статистика

Учурда байланыштагылар: 1
Коноктор: 1
Колдонуучулар: 0
Форма входа
Главная » 2008 » Тогуздун айы » 26 » Ошто Алишер Саиповдун жылдыгы белгиленди
02:02
Ошто Алишер Саиповдун жылдыгы белгиленди
Бүгүн Оштогу өзбек тилдүү «Саясат» гезитинин баш редактору Алишер Саиповдун белгисиз адамдар колунан каза тапканына туптуура бир жыл толду. Тилекке каршы, Преиздент Бакиевдин жеке көзөмөлүндө турган бул кылмыш ишинин эмдигиче бети ачыла элек. Маркумдун жылдыгын белгилеп жаткан маалда Алишер Саиповдун апасы Зайнапхан уулунун ажалына айыптууларды таап, аеосуз жазалоону кыргыз өкмөтүнүнөн талап кылды.


Тууган-уруктары, кесиптештери Алишер Саиповдун бейитине гүлчамбар коюп, куран окушкандан кийин маркумдун жылдыгы атасы Авас Саиповдун үйүндө белгиленди. Ага Кыргызстандын түштүк борборунун улуу-кичүү тургундары катышты.

Авас Саипов уулунун көзүн тазалагандар табылаарынан дээрлик түңүлүп калгандыгын белгилеп, мындан аркы үмүт небереси – Алишердин жалгыз туягы Зулайходо калгандыгын, ал атасынын кесибин улантып журналист болоорун боолголоп жаткандыгын айтып берди.

Ал эми Алишер Саиповдун апасы Зайнапхан уулунун ажалына айыптууларды таап, аеосуз жазалоону кыргыз өкмөтүнөн талап кылды:

- Кантейин, каралдымдан айрылдым. Эми эч кандай айыбы жок баламды өлтүргөндөрдү анын каны, ылайым, узатпасын! Келиним жаш бойдон жесир калды, неберем атасын көргөн жок. Алишер кырчындай кезинде ажал тапты. Ошентсе да, кадыр күтүп, эл оозуна алынган экен, миң мертебе шүгүр, баары келип эскерип турушат. Кыргыз өкмөтүнөн талап кылам: кылмышкерлерди изин суутпай таап, аеосуз жазаласын!,- дейт күйүткө баткан Зайнапхан апа.

Fergana.ru агенттиги, «Медиа инкубатор», «Акыйкаттууулук» бейөкмөт уюмдары уюштурган Алишер Саипов атындагы сыйлыктын туңгуч ээси, «Мезон» телекомпаниясынын кабарчысы Илхом Абдукахаровдун пикиринде, кыргыз өкмөтү, анын ичинде ички иштер министрлиги кылмыштын изи сууй электе бетин ачканга мүмкүнчүлүгү бар эле. Тилекке каршы, кимдир бирөөлөрдүн кызыкчылыгынан чочулап атып, убакыттан уттурушту.

Ички иштер министринин орун басары Жеңиш Жакыпов «Азаттыкка» курган маегинде Алишер Саиповдун өлүмүнө байланышкан иш президент Бакиевдин жеке көзөмөлүндө тургандыгын эске салып, бирок кылмыштын бетин ачуу кыйынга туруп жаткандыгын ачыктады.

26 жаштагы Алишер Саипов дүйнөлүк бир катар массалык маалымат каражаттары менен тыгыз байланышта болгон. Соңку убакта Ошто өзбек тилинде «Саясат» гезитин чыгарып, курч-мурч макалалары менен Өзбекстан президенти Каримовдун режимин катуу сындап турган. 2007-жылдын 24-октябрында кечки саат 19.00 чамасында кеңсесинин жанында белгисиз бирөөлөр тарабынан атылып өлтүрүлүп, артында алмончоктой аялы жесир, бир жаштан ашкан кызы жетим калды.

Просмотров: 793 | Добавил: Тынчтыкбек | Рейтинг: 0.0/0
Всего комментариев: 0
Добавлять комментарии могут только зарегистрированные пользователи.
[ Регистрация | Вход ]
Поиск
Календарь
«  Тогуздун айы 2008  »
ДшШшШрБшЖмИшЖш
  12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031
Архив записей
Друзья сайта
  • Официальный блог
  • Сообщество uCoz
  • FAQ по системе
  • Инструкции для uCoz
  • Copyright MyCorp © 2024