КЫРГЫЗЫМ
Ишемби, 20.04.2024, 00:02
Приветствую Вас Конок | RSS
 
Главная КYНДӨЛYКРегистрацияВход
Мини-чат
300
Статистика

Учурда байланыштагылар: 1
Коноктор: 1
Колдонуучулар: 0
Форма входа
Главная » 2008 » Бугу » 4 » АЛАЙДАГЫ ЗИЛЗАЛАДАН 72 АДАМ КАЗА ТАПТЫ
02:38
АЛАЙДАГЫ ЗИЛЗАЛАДАН 72 АДАМ КАЗА ТАПТЫ
Кечээ түнкү саат он бирге жакын Кыргызстандын түштүгүндө катуу жер титирөө катталды. Зилзаланын очогу Алай районунун Нура айылына жакын жерде болуп, күчү 8 баллга жеткен. Алдын ала маалыматтарга караганда, бул табият кырсыгынан аталган айылдын 72 тургуну мерт болгон. Мындан сырткары дагы 50 чакты адам оор абалда экени айтылууда. Нура айылында жалпысынан 120 үй кыйроого кабылган.


Кыргыз Республикасынын илимдер улуттук академиясынын алдындагы сейсмологиялык институттун маалыматы боюнча, 5-октябрда саат 22:53тө катуу жер титирөө катталган. Зилзаланын күчү очогунда 8 баллга жеткен. Ош шаарынын түштүк чыгышынан 220 чакырым, Сопу-Коргон айылынан 150 чакырым алыстыкта болгон. Жер титирөөнүн күчү Ошто-6, Баткенде- 5-6, Бишкекте -3,5 баллга жеткен. Алдын ала алынган маалыматтарга караганда Нура айылынан 72 адам каза болду. 120 үй кыйраган. 50 адам денесинен ар кандай жаракат алган. Автожолдордун үстүңкү катмарлары жабыркаган. Байланыш үзүлгөн. Ош облусунун Алай районундагы Нура айылында 211 үй бар, жалпысынан 941 адам жашайт.

Учурда кырсык болгон жерде жүргөн өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Муканбет Шадыкановдун жетекчилиги астында чукул кырдаалды калыбына келтирүү боюнча ыкчам аракеттеги штаб түзүлдү. Өзгөчө кырдаалдар министринин буйругуна ылайык Нура айылына 4 техника, министрликтин куткаруучу бөлүгүнүн жеке курамындагы 27 адам,100 жылыткыч, 20 кышкы чатыр, 600 литр минералдык суу жана жылуу кийимдер жөнөтүлдү. Бүгүн эртең менен жергиликтүү убакыт боюнча саат 8:45те кырсык болгон жерге тик учак менен өзгөчө кырдаалдар министри Камчыбек Ташиев баш болгон 10 адамдан турган издөө-куткаруу тобу жөнөп кетти.

Өлкө башчысы Курманбек Бакиев Өкмөт үйүндөгү бүгүнкү жыйында жер титирөөнүн кесепеттерин тез арада жоюуну, жабыркагандарга жардам көрсөтүүнү премьер-министр Игорь Чудиновго, Ош облусунун губернатору Аалы Карашевге жана тиешелүү министрликтерге тапшырды. Президент 7-октябрда жер титирөөдөн жабыр тарткан аймакка баруусу күтүлүүдө.

Бул арада саламаттык сактоо министрлиги жер титирөөдөн жабыркагандарга жардам көрсөтүү үчүн штаб түзүп, аны министр Марат Мамбетов жетектөөдө. Министрдин орун басары Мадемин Каратаев кырсык болгон жерге жөнөп кетти. Медициналык жардам көрсөтүүчү пункт кырсык болгон жерге 76 чакырым жакын Сары-Таш айылында түзүлгөн. Ал жерде үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу жардам көрсөтүп, талаа госпиталы жайгаштырылмакчы. Саламаттык сактоо министрлигинен кабарлашкандай кан, дары-дармектер жетиштүү. Зилзала болгон аймакка тез жардам көрсөтүүчү топ менен операция жасоочу жабдыктар, Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун гуманитардык жардамы жөнөтүлдү.

Просмотров: 914 | Добавил: Админ | Рейтинг: 5.0/1
Всего комментариев: 1
13.05.2008
1. Aktilek (Akbala) [Материал]
Кут айтсын!
Жаңы конушуң куттуу болсун, Улагаңдан май аксын иним тынчтыкбек! Иллайым элиң менен бирге болсун ийгиликтериң!!!

Добавлять комментарии могут только зарегистрированные пользователи.
[ Регистрация | Вход ]
Поиск
Календарь
«  Бугу 2008  »
ДшШшШрБшЖмИшЖш
   1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031
Архив записей
Друзья сайта
  • Официальный блог
  • Сообщество uCoz
  • FAQ по системе
  • Инструкции для uCoz
  • Copyright MyCorp © 2024