| КАБАРЛАР ЖЫЛСАНАГЫ |
| « БАШ ООНА 2008 » | | Дш | Шб | Шр | Бш | Жм | Иш | Жш | | | | | | 1 | 2 | 3 | | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 | 10 | | 11 | 12 | 13 | 14 | 15 | 16 | 17 | | 18 | 19 | 20 | 21 | 22 | 23 | 24 | | 25 | 26 | 27 | 28 | 29 | 30 | 31 |
|
| БИЗДИН СОБОЛ |
ТОРБЕТКЕ (САЙТКА) БЕРИЛГЕН БАА
БАРДЫК ЖООПТОР: 11
|
|
ОРУСИЯДАГЫ ТАКЫРБАШТАРДЫН КЫРГЫЗДАРГА ВАРВАРЛАРЧА КОЛ САЛУУСУ КАЧАНГА ДЕЙРЕ УЛАНАТ?
Урматтуу мекендештер! Жалпы эле кыргыз журтум!!! Мен жакында бир видеону көрүп алып аябай каным кайнап чыкты. Ал видеодо Орусиядагы такырбаштардын (скинхеттердин) кыргыздарга жасаган варварча чабуулдары тартылыптыр. Кыргыздар! Качан эсибизге качан келебиз? Сиздерден ошол видеону бир көрүп коюшуңуздарды аябай суранам. Ал видеону жүктөш үчүн http://files.mail.ru/WIJ8N8деген шилтемени басасыздар, же http://www.youtube.com/watch?v=KUoP-WCN0xcдеген шилтемеден түз көрсөңүздөр болот. Пикир жорумуңуздарды күтөм...

Тор бетке 60-жылдардан бери эл арасында ооздон түшпөй ырдалып жүргөн мурдагы жана азыркы обондуу мыкты ырлар тандалып топтоштурулду.
Жыйнак ыр жандуу ышкыбоздор үчүн.
КЫЙЫЛЫП ТУРАМ Сөзү О. Султановдуку, обону К. Досмамбетованыкы
Жылкы айдап үрөң-бараңдап. Жылганы бойлой бастырсам. Жайлоонун салкын абасы Эркелей согуп астыртан, Көңүлгө сиңген гүл жыты-ай Көркөмү менен мас кылган.
"Ашуу-Төр" менен "Чолок-Төр" Эңседим сени сагынып, Жадырап өскөн гүлдөрүң. Жакама үзүп тыгынып, Обонун созсоң болушчу Аскадан чыккан жаңырык.
Тоодогу өткөн балалык, Тобулгу чикит чабышып, Бир күндө он жол урушсак. Он жолу кайра табышып. Куушуп оюн салчу элек. Кулундар менен жарышып.
Ушинтип жүрчү күндөрүм, Бүлбүлдөп узап баратат,
Мен тойбос жаштык кезимди Мезгилим колдон талашат.
САГЫНДЫМ ТУУЛГАН ЖЕРИМ СЕНИ Сөзү Б.Сейитбекованыкы, обону А.Карымовдуку Жапжашыл жибекти жамынгандай, Жайкалган төрүңдү сагындым, ай. Жашоодо керемет кандай күч бар, Жол күтүп мен сага камынгандай.
Кайырма: Сактадым унутпай элесиңди, Салкын төр, кызгалдак, белесиңди. Саймалуу тоолоруң көздөн учуп, Сагындым туулган жерим сени.
Жол алып учушкан каркыралар, Жолдогон саламым айтып барар. Жол бою ак көйнөк кийип алып, Жолумду күткөндүр гүлкайырлар.
Жылдызың сагындым жыбырашкан, Жымыңдап мага арнап ыр ырдашкан. Жоодурап жолумду карашкандыр, Жол четин ээлеген кызгалдактар. ООРУП ТУРАТ ЖҮРӨГҮМ Сөзү Г.Рыспаеваныкы, обону А.Карымовдуку
Сени таштап учуп кетем куш болуп, Таалайыма ушул тагдыр туш болуп. Таарынбагын, өзүң болдуң себепкер, Көңүлүмдүн калганыңа суз болуп.
Кайырма: Жаным сыздап, ий, ий ооруп турат жүрөгүм, Жалгыздыктан абдан жадап жүдөдүм. Жакынымдан айрылуу да бат беле, Күтүп жүрөм үзүлбөстөн күдөрүм.
Көздөрүңдө турган жашың термелип, Көкүрөктө калар балким сыр болуп. Көрө билип, көңүлүңө туя жүр, Кайтып келем сага жакшы ыр болуп.
Жакшы көрүп, жаным бирге деп жүрсөм, Жан дүйнөмдө жасалгалуу жан белең. Жаман айтып жүрөгүмдү ооруттуң, Кандай жансың жакшылыгым сезбеген.
АЙТЧЫ, АЙТЧЫ Сөзү, обону М.Атаналиевдики Ырдасам ырларым да сен жөнүңдө, Жүрөктө сырларым да сен жөнүндө. Нымдалган кирпигиңе көз жашырып, Сен дагы ойлойсуңбу мен жөнүндө?
Кайырма: Билбейм неге, Сен жашап түшүмдө да өңүмдө. Айтчы, айтчы, сен дагы ой, Сен дагы ойлойсуңбу мен жөнүндө?
Кыялды бир үн коштойт аянычтуу, Жаңы эле сен тараптан келгенимде. Жаңыртып жаратымды оорутасың, Жөн гана ойлоюнчу сен жөнүндө.
Сезимди бир ой ээлейт аянычтуу, Жомоктой айтып бүткүс сен жөнүндө. Уктаарда дуба кылып миң сураарым, Жөн гана ойлоп койчу мен жөнүндө. БОЗ ТОРГОЮМ Сөзү Кубат Жакыповдуку, обону Айбек Карымовдуку. Сезимимде кири жок секелегим Сенин келет колуңдан жетелегим. Сездире албай жүрөмүн сездире албай Сезим оту жүрөктө өчө элегин.
Кайырма: Токтоло элек мүнөзү боз торгоюм Туралбайсың жанымда шоктонмоюн. Туура түшүн кара көз туура түшүн Турмуш супсак жүрөктө от болмоюн.
Агаң болуп жүрөмүн абройлуу, Ачык айтам канткенде анык ойду. Абай салып байкачы карлыгачым Азап болду агаңа азап болду.
Шыбырт болсо шырп учкан чымчыктайым, Чырмалышкан ойлорго тумчукпайын. Чырак болуп жагылдың кеч күүгүмдө Чырайыңды эш тутуп тынч уктайын.
ЖАҢЫ ЖЫЛ Сөзү, обону М.Осмоновдуку Асмандан ак кар себелеп, Айлана укмуш керемет. Жан жыргап жаңы жыл тоссок, Бул күн эмнеге теңелет. Кубаныч күндөр дайыма, Жүрөктөр турсун желелеп. Ак карды жакшы көргөндөй, Ак сүйүү мага келе элек.
Кайырма: Кел, кел, кел, келсең жаңы, Ыр күүлөр тынбай жаңырсын. Майрамдап элим майрамдап, Көчөгө батпай агылсын. Тилеген тилегимди бер, Бактылуу болуп жашайлы.
Көңүлүм кушка айланып, Көкөлөп учат жанданып. Күткөнүм жылда бир келет, Быйыл да турам камданып. Жүргүлө достор көчөгө, Эшикте бүгүн Ай жарык, Жаңы жыл келди жаңырып, Ак дилден тилек айталык.
СУРАНАМ Сөзү, обону Б.Борбиевдики Суурулуп сөз чыкпайт мындайда, Суу жетпей кургаган таңдайга. Электеп кол жаңсап чакырам, Элесиң турган маңдайда.
Кайырма: Суранам, сенден суранам, Суусаттың, кайда убадаң. Алыстан издеп сен келсең, Акталаар эле го убараң. Ётүнөм сенден өтүнөм, Ёзөктөн онго бөлүнөм. Айылга издеп келатсам, Алдыңдан нур болуп төгүлөм.
Жүрчү элек үстүндө булуттун, Капырай кантип сен унуттуң. Төлгөлөп отурам жол ачып, Аттиң не мынча куруттуң. <кайрыма>Кайырма: Баралбайм алдыңа шар жетим, Баратам ан сайын шай кетим. Айламды таба албай турганда, Ай болуп чыга кел жар кетип.
БАРАМ САГА Сөзү Э.Ибраевдики, Обону А.Бедияровдуку Таң шооласы нур чачканда, Тал-теректер бүр ачканда. Кыр-кырлардан кол булгалап Кызгалдактар гүл ачканда
Кайырма: Алга сүрөп үмүт гана, Алоолонуп күйүп жана. Бар жогума кайыл болуп, Барам сага, барам сага.
Жылдыз көккө тагылганда, Жылгадан суу агылганда. Алтын сөйкө сыяктанып, Ай кайрадан жаңырганда.
Кайырма: Дайра ташып чамынганда, Дарак жоолук салынганда. Санаам сары саман болуп, Сага карай агылганда.
ЖАРАШАЛЫ Сөзү, обону Д.Нуриевдики Сүйүү бир келет, Сактай албадык. Ак сүйүүнүн ишенимин Актай албадык. Кимде күнөө, кимде өкүнүч, Тактай албадык. Кайырма: Элдешели, кел дешели, Жарашалы(2 жолу), кечиришели.
Болдуң башканын, Сүйүшкөн жары. Кайт өзүмө бол кайрадан, Сүйүү мунары.
Кээ бир сөз айтып, Кээде таарынттым. Кайра түзөп, кайра жазам, Сүйүү тарыхын, Кайталабай каталарын, Чийип барасың.
Кайырма:
УЙКУСУЗ ТАҢДАР АТАТ Сөзү, обону А.Мааткеримовдуку
Уйкусуз таңдар атат, Кирпиктер ирмелбеген. Кусалык жүрөктү эзет, Эч кимге билинбеген, Айтылбай сырлар калат, Сезимдин тереңинде. Ак таңдай өтө албаган, Турмуштун тереңинде. Жаңырат кулагыма, Наристе сезим үнү. Тартылат көз алдыма, Алгачкы тунук сүйүүм. Унутпай койдум сенин Жылмайган элесиңди, Азаптуу ал күндөрдү, Алтыным билесиңби?
Билинбей күндөр өтөт, Щмүттү үзгөн менен. Ак сүйүүм жашай тура, Жүрөктө сага деген. Унутпай койдум сенин, Жылмайган элесиңди. Унутпай койдум сени Эмне үчүн билесиңби?
СҮРӨТТӨГҮ ЭЛЕСИҢ Сөзү М.Осмоновдуку, обону К.Керимбаеваныкы
Кайсы күнү түштүк эле сүрөткө, Ошол мезгил сакталбаптыр жүрөктө. Акыркы ирет түшүптүрбүз ошондо, Эскерерсиң, сен да бир күн күн өтсө.
Кайырма: Элесиңди сагынамын, эстеймин, Жүрөгүңдө сакталганбы кептерим. Ойлой берип ошол күндүн келерин, Күтөм дале келсе деймин, эңсеймин.
Арабызга кооз идишке салынып, Турган гүлдөр бир өзүнчө керемет. Ошол жаштык өтүп калсаң жанымдан, Көңүл бөлүп бир кайрылып келе кет. <кайрыма>Кайырма: Кучакташып түшкөн ошол сүрөтүң, Дале турат төркү үйдө илинип. Сен да мени, мен да сени сүйөрүм, Көзүбзүдөн турар эле билинип. <кайрыма>Кайырма: ОШТУК КЫЗ Сөзү, обону С.Бейшекеевдики Орошол чачтуу периштем, Убайым тартам кечиксең. Ашыктык гүлүн берейин мен, Ак-Буура бойлоп кезиксең.
Талыкпай тиктейм нур жүзүң, Таңыркап таңкы жылдызым. Оорутуп жүрөк жактырды, Ордолуу Оштун бир кызын.
Жоругу жазгы жайдасың, Жоогазын болуп жайнасын. Коргошун болуп кетемби, Кургурум памил чайдайсың.
Сурмалуу сулуу периштем, Сумсайам бир аз кечиксең. Сунмакмын сага гүлүмдү мен, Сулайман тоодон кезиксең, Махабат гүлүн термекмин, Ак-Буура бойлоп кезиксең.
ӨРҮК КЫЗ Сөзү Б.Рахман уулунуку, обону А.Карымовдуку Өрүк кыз, садагасы, Өкүнө карабачы. Алыстап кеткен бизден, Ал кездин арабасы.
Кайырма: Мөгдөбө көңүл калып, Мокобо өңдөн азып. Мончоктоп куюлган жаш. Мойнуңдан ылдый агып. Каш кербе, кагылайын, Калп эле жалынбайын. Жүдөтпө билип туруп, Жүрөктө бирөө барын.
Жамалың жаман азып, Жабыкпа эстен танып. Жарыша куюлган жаш, Жаагыңдан ылдый агып.
Каректи суулабачы, Көңүлдү уулабачы. Тынч соккон эт-жүрөктүн, Тынчтыгын уурдабачы.
МЕН СЕНИ САГЫНГЫМ КЕЛЕТ Сөзү А.Ёмүркановдуку, обону Р.Аманованыкы
Күлгөн күлкүм, черткен күүлөр, ырларым, Жалгыз сага арналганын бил, жаным. Бакыттын бул мелт-калт толгон кесесин Эч бөксөртпөй ээлеп тургун, жыргалым.
Кайырма: Ээ-ээ-ээ-ээй, мен сага таарынгым келет, Мен сени сагынгым келет.
Эки жүрөк бир жүрөктөй сезилген, Эс тандырган эстен кетпес көз ирмем. Эгиз жандай өткөрөлү, өткөрөлү өмүрдү, Энчиленип экөөбүзгө бир келген.
Кайырма:
Күлгөн күлкүм, черткен күүлөр, ырларым, Жалгыз сага арналганын бил, жаным. Бакыттын бул мелт-калт болгон кесесин Эч бөксөртпөй ээлеп тургун, жыргалым.
СЕН ДЕСЕМ ЖАНЫМ КАРЛЫГАЧ Сөзү, обону А.Акбаровдуку Ак шоола жанган көзүңдү сүйдүм, Асели тамган сөзүңдү сүйдүм. Сен десем жаным карлыгач болуп, Серпилип учуп өзүңдү сүйдүм.
Кайырма: Ээ, көзүңдү сүйдүм, сөзүңдү сүйдүм, Серпилип учуп өзүңдү сүйдүм. Ак шоола жанган көзүңдү сүйдүм, Асели тамган сөзүңдү сүйдүм.
Карлыгач канат кашыңды сүйдүм, Агылган булак чачыңды сүйдүм. Көңүдлү көккө көтөрүп учкан, Көктөмдөй лаззат атыңды сүйдүм.
Кайырма:
Жүзүңдөй жүзүң бир көрүп сүйдүм, Жүрөктөн кызыл гүл өнүп сүйдүм. Өлүмдү жерден алыска айдап, Өзүңдү келет түбөлүк сүйгүм.
 | |